Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 23-майы № 94
Кыргыз Республикасынын стратегиялыкобъектилери жөнүндө
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы № 125, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук (коомдук) коопсуздугун камсыз кылуу максатында стратегиялык объектилерди аныктоонун жана жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт.
1-берене.
1. Стратегиялык объект болуп ээлик кылуу, (же) пайдалануу жана (же) тескөө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына таасир тийгизген, коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар мүлк саналат.
2. Стратегиялык объектилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формаларында болушу мүмкүн.
2-берене.
1. Стратегиялык объектилерге төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдаланган мүлк, анын ичинде аскердик техникалар жана жабдыктар; курал-жарак чыгаруучу жана сыноочу ишканалар;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары пайдаланган имараттар жана жайлар;
3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтар пайдаланган мүлк;
4) магистралдык темир жол тармактары;
5) магистралдык газ түтүктөрү;
6) улуттук электр тармагы;
7) "Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясын кошпогондо гидро- жана жылуулук электр станциялары;
8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары;
9) магистралдык байланыш линиялары;
10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы;
11) телеберүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси;
12) улуттук почта тармагы;
13) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой эле аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жабдыктары;
14) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору;
15) жер казнасы, токой фонду, улуттук статуска ээ болгон токой чарба объектилери, коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактар;
16) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объектилери, анын ичинде мөңгүлөр, табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу сордуруу станциялары;
17) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын улуттук статуска ээ болгон объектилери;
18) кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын сактоочу жайлар;
19) радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүүчү өнөржай ишканалары;
20) тарыхый-маданий мурастын объектилери.
2. Менчигинде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялык объектилер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого же менчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алган чечимдерге таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык жактардын акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялык объектилерге киргизилиши мүмкүн.
Стратегиялык объектилерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишканалар да киргизилиши мүмкүн.
3. Стратегиялык объектилердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы № 125, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган атайын талаптарды белгилейт. Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Президенти улуттук мүдөөлөрдү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу менен, стратегиялык объектилерди кайтарууга алуунун жана алардын иш-аракетин камсыздоонун өзгөчө режимин киргизүүгө укуктуу. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Менчиктин муниципалдык, жеке менчик жана башка формаларында турган стратегиялык объектини менчик ээси сатууга ниеттенсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети стратегиялык объектини Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу үчүн артыкчылыктуу укукка ээ. Мамлекеттин менчигинде турган стратегиялык объекттерди менчиктештирүү жана башка ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
5-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндө күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетинин 2008-жылдын 30-майындагы № 38 саны менен жарыяланды.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
2008-жылдын 18-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 56 · байланышкандар: 10
Цитата келтиргендер (56)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 334-IV "2008-жылдын 18-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.04.2008 · № 334-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо…Положение · 07.09.2021 · № 164
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 30-апрели № 05/2-17/114 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл…Приказ · 30.04.2026 · № 05/2-17/114
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 337-IV ""Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 18.04.2008 · № 337-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 447-т (2025-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 04.06.2025 · № 447-т
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 169 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.03.2016 · № 169
- "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 токтому менен бекитилди) уставыУстав · 25.03.2024 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасынын Уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 токтомуна)Устав · 17.07.2024 · № 396
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык…Постановление · 07.09.2021 · № 164
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябры № 540 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан административдик имаратынын…Постановление · 10.10.2023 · № 540
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 192-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 31.05.2011 · № 192-р
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдындагы "Резерв" мамлекеттик ишканасынын Уставы (КР Министрлер…Устав · 21.08.2025 · № 514
- Казыбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 1 "Метеорологиялык станция куруу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2020 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №756 "Видео байкоо жана телефондук сүйлөшүүлөрдү жазуу каражаттарын сатып алуу жана "Манас" эл аралык аэропортунда орнотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 756
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 120 "Бишкек шаарынын Ленин районунда (мурдагы Орок айылы) курулуп жаткан футбол стадионунун…Постановление · 19.02.2026 · № 120
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 56 "Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2015 · № 56
- КР Өкмөтүнүн буйругуРаспоряжение · 04.05.2015 · № 193-р
- КР Өкмөтүнүн 15-жылдын 8-майындагы № 195-б (Протоколдордун долбоорлорун жактыруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.05.2015 · № 195-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
56 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (10)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-апрели № 85-б "Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган 2013-2019-жылдардагы соода…Распоряжение · 05.04.2021 · № 85-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1221-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 07.06.2023 · № 1221-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1103-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 20.04.2023 · № 1103-VII
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-мартындагы № 64-б ""Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мүлктүк комплексин сатып алуу боюнча артыкчылыктуу…Распоряжение · 20.03.2019 · № 64-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2017-жылдын 14-июнундагы № 1692-VI "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 14.06.2017 · № 1692-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 770-V "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.06.2011 · № 770-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 771-V "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.06.2011 · № 771-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 772-V "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.06.2011 · № 772-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1109-VII "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 20.04.2023 · № 1109-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1235-VII "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 07.06.2023 · № 1235-VII