Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек-Ош-Баткен багытындагы жогорку ылдамдыктагы магистралдык булалуу-оптикалык байланыш чубалгысын куруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-05-21.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-майы № 265 Бишкек-Ош-Баткен багытындагы жогорку ылдамдыктагы магистралдык булалуу-оптикалык байланыш чубалгысын куруу жөнүндө Байланыштын стратегиялык объектиси болгон Бишкек-Ош-Баткен багытындагы жогорку ылдамдыктагы магистралдык булалуу-оптикалык байланыш чубалгысын өз убагында курууну камсыз кылуу максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондорунун, Талас облусунун Талас районунун, Чүй облусунун Жайыл районунун, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунун, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирдикте:
- макулдашуунун шарттарында "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна байланыштын булалуу-оптикалык чубалгыларынын (мындан ары-ББОЧ) базасында магистралдык жер алдындагы кабелдик байланышты төшөө үчүн жер участокторун жана мамлекеттик токой фондунун жерлерин 25 жылга убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга беришсин;
- райондордун аймактарындагы же ведомстволук участоктордогу курулуш иштерин тездетип бүтүрүүгө көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 7-июлундагы № 405 "Кыргыз Республикасында байланыш жана радиофикация линияларын коргоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Байланыш жана радиофикация линияларын коргоо эрежелерин колдонууну камсыздашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- кууш тоолуу участоктордо магистралдык жер алдындагы байланыш кабелин автомобилдик жол менен параллелдүү өткөрүүнү белгиленген тартипте макулдашсын;
- ББОЧ трассасындагы Бишкек-Ош, Ош-Баткен, Сары-Таш-Карамык автожолдорунун коргоого алынган чөлкөмдөрү жана дарыялардын көпүрөлөрү аркылуу байланыш кабелдик чубалгысын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
автожолдордун жана көпүрөлөрдүн коргоого алынган чөлкөмдөрүндө курулуш иштерин жүргүзүүгө; унаа каражаттарынын жана курулуш техниканын тоскоолсуз өтүүлөрүнө.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 7 июля 1997 года N 405 "Об охране линий связи и радиофикации в Кыргызской Республике"Постановление · 07.07.1997 · № 405
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон