Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 „Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2018-жылдын 17-сентябры № 428
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Айрым объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
- "В" категориясы (олуттуу объектилер)" бөлүмүнүн "Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер" графасы төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорттук ишканасы" ММ.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон