Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 февраля 2014 года № 99 "Об утверждении Перечня стратегических объектов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-02-17.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 99 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2009-жылдын 14-августу №532 Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637, 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши сунуш кылган, Кыргыз Реслубликасынын Стратегиялык объекттеринин тиркелген тизмеси бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча ишин координациялоону жана контролдоону жүргүзсүн.
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы №525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы №201 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-ноябрындагы №530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы № 525 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №532 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин ТИЗМЕСИ
| Ишканалар жана объекттер | Эскертүү | |
|---|---|---|
| 1 | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдалануучу мүлк, анын ичинде аскердик техника жана жабдуулар | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин борбордук аппараты; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы; аскер бөлүктөрү; аскердик окуу жайлары; "Тамга" аскердик санаториясы; Кант шаарындагы Россия Федерациясынын авиабазасынын аэродрому; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин окуу-машыктыруучу борбору; аскердик госпиталдар жана бейтапкана; аскердик комендатуралар; облустук, райондук жана шаардык комиссариаттар жана жыйын пункттары |
| 2 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдары пайдалануучу имараттар жана жайлар | |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана анын облустук башкармалыктарынын имараттары | |
| 4 | Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан объекттери | |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана анын илимий лабораториялары жана станциялары | |
| 6 | Улуттук архив фонду | |
| 7 | "Түндүк электр" ачык акционердик коому | Чүй, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө электр энергиясын бөлүштүрөт, балансында электр бөлүштүрүү тармактары бар |
| 8 | "Чыгыш электр" ачык акционердик коому | Ысык-Көл жана Нарын облустарынын керектөөчүлөрүнө электр энергиясын бөлүштүрөт, балансында электр бөлүштүрүү тармактары бар |
| 9 | "Ош электр" ачык акционердик коому | Ош жана Баткен облустарынын керектөөчүлөрүнө электр энергиясын бөлүштүрөт, балансында электр бөлүштүрүү тармактары бар |
| 10 | "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому | Жалал-Абад облусунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясын бөлүштүрөт, балансында электр бөлүштүрүү тармактары бар |
| 11 | "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коому | Бишкек шаарынын тургундарына жылуулук энергияны жана ысык сууну бөлүштүрөт |
| 12 | "Кыргызгаз" ачык акционердик коому | Балансында магистралдык газ түтүктөрү бар |
| 13 | "Кыргызнефтгаз" ачык акционердик коому | Нефт продукттарын жана газ өндүрөт |
| 14 | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому | Балансында байланыштын магистралдык линиялары жана Республикалык теле жана радио берүүнүн радиореле магистралдарынын өндүрүш бирикмеси бар |
| 15 | "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коому | Жүргүнчүлөрдү авиаташуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жогорку кызматтагы адамдарын ташуу боюнча литердик рейстерди камсыздайт |
| 16 | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому | Балансында республиканын эл аралык жана ички аэропорттору бар |
| 17 | "Кыргызалтын" ачык акционердик коому | Алтын өндүрөт |
| 18 | "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коому | Алтын өндүрөт |
| 19 | "Жеруй алтын" жабык акционердик коому | Алтын өндүрөт |
| 20 | "Андаш Майнинг Компани" жоопкерчилиги чектелген коом | Алтын өндүрөт |
| 21 | "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коому | Машина куруу продукцияларын чыгарат жана курал-жарак чыгарчу жана сыноочу ишкана |
| 22 | "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасы | Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу ишкана |
| 23 | "Дастан"ТУК" ачык акционердик коому | Машина куруу продукцияларын чыгарат жана курал-жарак чыгарчу жана сыноочу ишкана |
| 24 | "Озеро" бириккен ишкана жоопкерчилиги чектелген коом | Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу ишкана |
| 25 | "Улан" ачык акционердик коому | Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу ишкана |
| 26 | "Полигон" жабык акционердик коом | Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу ишкана |
| 27 | "Нур" ачык акционердик коому | Курал-жарак чыгарчу жана сыноочу ишкана |
| 28 | "Кара-Балта" кен иштетүү комбинаты" ачык акционердик коому | Радиоактивдүү материалдарды кайта иштетүүчү ишкана |
| 29 | "Кадамжай сурьма комбинаты" акционердик коому | Шаар түзүүчү ишкана |
| 30 | "Хайдаркан сымап" акционердик коому | Шаар түзүүчү ишкана |
| 31 | "КХМЗ - Астра" жоопкерчилиги чектелген коом | Шаар түзүүчү ишкана |
| 32 | "Кант цемент заводу" акционердик коому | Цемент чыгаруучу ири ишкана |
| 33 | "Интерглас" жоопкерчилиги чектелген коом | Айнек чыгаруучу ири ишкана |
| 34 | "Майлуу-Суу электр лампа заводу" ачык акционердик коому | Шаар түзүүчү ишкана |
| 35 | "Кайыңды кант заводу" акционердик коому | |
| 36 | "Кыргызтамекиси" акционердик коому | |
| 37 | "Учкун" ачык акционердик коому | Гезит-журналдардын көпчүлүгүнүн басып чыгарылышын камсыздайт |
| 38 | "Айнур" ачык акционердик коому | Аскердик-техникалык багыттагы продукцияларды жасап чыгаруучу ишкана |
| 39 | "Аалам" ачык акционердик коому | |
| 40 | "Кристалл" акционердик коому | |
| 41 | "РСК Банк" ачык акционердик коому | |
| 42 | "Айыл Банк" ачык акционердик коому | |
| 43 | "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы" ачык акционердик коому | |
| 44 | "Кыргызаэрогавигация" мамлекеттик ишканасы | Аба жолун башкарууну ишке ашырат |
| 45 | "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы | Балансында улуттук почта тармагы бар |
| 46 | "Өкмөт байланышы" мамлекеттик ишканасы | |
| 47 | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы | Балансында магистралдык темир жол тармактары бар |
| 48 | "Көмүр" мамлекеттик ишканасы | |
| 49 | "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы | |
| 50 | Кыргыз Республикасынын Улуттук теле радио корпорациясы | |
| 51 | "ЭлТР коомдук телеберүү" Кыргыз Республикасынын теле радио компаниясы | |
| 52 | Магистралдык байланыш линиялары жана телекоммуникациялардын тармагы | |
| 53 | "Кыргыз Туусу" басма үйү | |
| 54 | "Эркин Тоо" гезитинин редакциясы | |
| 55 | "Слово Кыргызстана" басма үйү | |
| 56 | Гидрометеорологиялык жана экологиялык кызматтар пайдалануучу мүлк | Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин облустук түзүмдөрүнүн посттору жана станциялары |
| 57 | Тоо-кен металлургия өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайлары | Майлуу-Суу жана Кара-Балта шаарларындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Ак-Туз, Орловка, Советский жана Сумсар шаарчаларындагы калдык сактоочу жайлар |
| 58 | Суу комплекси жана суу чарбалык курулмалар объекттери, анын ичинде мөңгүлөр, табигый көлдөр, дарыялар, суу техникалык курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу чыгаруучу жана суу соруучу станциялар | Суу чыгаруучу жана шаарды суу менен жабдуу тармагы. Суу сактагычтар: Төрт-Күл, Найман, Базар-Коргон, Сокулук, Төмөнкү Аларча толтурулуучу, Төмөнкү Аларча суунун нугу, Чумыш, Папан, Киров, Орто-Токой, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгынын насостук станциялары жана каналдары |
| 59 | Облустук бириккен ооруканалар, Кыргыз Республикасынын улуттук статусу бар саламаттыкты сактоо уюмдарынын объекттери | |
| 60 | Санитардык-эпидемологиялык жана карантиндик кызматтары пайдалануучу мүлк | |
| 61 | Вакцина жана жабдууларды сактоо үчүн кампа катары пайдалануучу имараттар. Мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөл жана профилактикалык- дарылоо борборунун үчүнчү деңгээлиндеги лабораториянын мүлкү | |
| 62 | Айлана чөйрөнү экологиялык мониторинг жүргүзүү уюмдары | Бишкек шаардык экологиялык мониторинг башкармалыгы; Айлана чөйрөнү коргоонун региондор аралык башкармалыгы |
| 63 | Токой фонду, токой чарбасынын улуттук коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактары деген статусу бар объекттери | Жалпы аянты 3275,5 миң га келген токой фонду, анын ичинде: - токой чарбалык ишканалар - 2753,0 миң га; - мамлекеттик коруктар - 259,7 миң га; - мамлекеттик улуттук жаратылыш парктары - 262,1 миңга. |
| 64 | Жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор | Автожол Бишкек-Ош - 672 км; Автожол Ош-Баткен-Исфана - 385 км; автожол Бишкек-Нарын- Торугарт - 539 км; автожол Ош-Сарыташ-Иркештам - 258 км; автожол Балыкчы-Каракол (айланма); автожол Талас-Суусамыр Өтмөк ашуусу аркылуу; Бишкек-Ош автожолунун Нарын дарыясынын 318 км, 428 км жана 435 км белгилериндеги көпүрөлөр; Бишкек-Ош автожолундагы тоннель (4 аталышта) |
| 65 | Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан маяктар | Кеме жүрө турган жолдордун навигациясы үчүн арналган 9 пост |
| 66 | Автовокзалдар | Облустук автовокзалдар жана автостанциялар мамлекеттик ишкана катары; Чолпон-Ата автовокзалы; "Автовокзалдардын жана автостанциялардын Чүй ишканасы" мамлекеттик ишканасы; "Чыгыш автовокзал" мамлекеттик ишканасы |
| 67 | Тарыхый-маданий мурастын объекттери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.08.2004 · № 622
- Постановление Правительства КР от 10 апреля 2006 года №257 " О совершенствовании системы корпоративного управления и усиления государственного контроля на объектах, имеющих…Постановление · 10.04.2006 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2012 · № 513 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2013 · № 111 · Күчүн жоготкон
- Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөПостановление · 18.08.2003 · № 525 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 17-февралындагы № 99 токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин…Постановление · 17.10.2011 · № 637 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005жылдын 1-июнундагы №201 " "Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу…Постановление · 01.06.2005 · № 201 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-ноябрындагы №530 "«Акцияларында мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 16.11.2005 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2008-жылдын 30-декабрындагы №743 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу…Постановление · 30.12.2008 · № 743 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.08.2004 · № 622
- Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөПостановление · 18.08.2003 · № 525 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2012 · № 513 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005жылдын 1-июнундагы №201 " "Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу…Постановление · 01.06.2005 · № 201 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-ноябрындагы №530 "«Акцияларында мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 16.11.2005 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2008-жылдын 30-декабрындагы №743 "Акцияларында мамлекеттик пакет бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу…Постановление · 30.12.2008 · № 743 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.