Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-майы № 349
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объекттерди тартипке келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
– «Б» категориясы (маанилүү объектилер)» бөлүмүнүн «Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер» графасы төмөнкүдөй мазмундагы 17, 18-пункттар менен толукталсын:
«17. «Имоту Энтерпрайз» ЖАК.
18. «Карабалта тоо кен компаниясы» ЖЧК.»;
– «В» категориясы (олуттуу объектилер)» бөлүмүнүн «Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер» графасынын 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94