Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-январы № 2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Айрым объекттердин коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
- "Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер" графасында:
"А" категориясы (өтө маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. "Кумтөр Голд Компани" ЖАО."; "В" категориясы (олуттуу объектилер)" бөлүмүнүн 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи-отуз сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "Иштамберди Чаарат Терек Тереккан Перевальное Жамгыр Үңкүрташ Каратөбө Ширальджин Талдыбулак Андаш Кадамжай Бел-Алма Хайдаркен Жаңы Тоголок Солтон-Сары.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 13-январындагы N 2 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94