Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 17-майы № 267
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, У.З.Ормонов, А.Т.Түмөнбаев, М.А.Маматалиев, Н.К.Кадырбеков, А.Т.Маткеримов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 тескемеси менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, У.З.Ормонов, А.Т.Түмөнбаев, М.А.Маматалиев, Н.К.Кадырбеков, А.Т.Маткеримов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.У.Сыдыков, Э.Р.Сатыбалдиев, У.З.Ормонов, А.Т.Түмөнбаев, М.А.Маматалиев, Н.К.Кадырбеков, А.Т.Маткеримов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6 жана 109-беренелерине ылайык келтирүү максатында аны төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1-берене. Акыйкатчынын ишинин укуктук негизи
1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (мындан ары - Акыйкатчы) жүргүзөт.
2. Акыйкатчы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.".
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген Акыйкатчынын парламенттик контролдугунун максаттарын "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына окшош ушул жобо өз алдынча мүнөзгө ээ болгондугуна байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун өзүнчө беренесине бөлүү керек.
2. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде ушул конституциялык Мыйзамды колдонуу чөйрөсү болуп адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын жараны кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын юрисдикциясынын чектеринде жүргөн чет өлкөлүк же жарандыгы жок адамдар менен мамлекеттик бийлик органдарынын (анын ичинде атайын статусу бар), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жана алардын жетекчилеринин ортосунда келип чыккан мамилелер саналат деп сунушталат.
Сунушталган конституциялык Мыйзамдын долбоорун колдонуу чөйрөсүн бир кыйла так регламенттештирүү максатында Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "3-берене. Ушул конституциялык Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Ушул конституциялык Мыйзамды колдонуу чөйрөсү болуп Акыйкатчынын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду ишке ашыруусуна, ошондой эле анын мамлекеттик бийлик органдары (анын ичинде атайын статусу бар), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана алардын жетекчилери менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсүнө байланышкан мамилелер саналат.".
3. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун "Конституциясында" деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушуна ылайык Акыйкатчынын (Омбудсмендин) мандатын, анын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алып, Акыйкатчы (Омбудсмен) жана анын орун басары болуп кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана реабилитациялабаган негиздер боюнча жоопкерчиликтен бошотулган жаран шайлана албайт деген талаптарды киргизүүнү сунуштайбыз.
5. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.
Конституциянын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарына ылайык Жогорку Кеңеш:
- Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;
- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызмат ордунан бошотот; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет.
Конституциянын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130-беренесине ылайык Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздерди "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамында камтылган Жогорку Кеңеш тарабынан Акыйкатчынын (Омбудсмендин) баяндамасын жактырбоо сыяктуу пункт менен толуктоону зарыл деп эсептейбиз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинде Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын статусуна туура келбеген иштин түрлөрүн белгилөө сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин 2-главасынын жоболоруна ылайык Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын кызмат орундары атайын мамлекеттик кызмат орундарына кирет. Ушуга байланыштуу "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде белгиленген талаптарга окшоштугу боюнча Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 7-12-пункттар менен толуктоону сунуштайбыз: "7) өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
8) маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга;
9) кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сыйакыларды (акчалай жана башка сыйакыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер тиешелүү түрдө Акыйкатчынын Аппаратынын менчиги катары таанылат жана ага Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өткөрүп берилет;
10) аны менен жакын туугандык мамиледе болгон адамдарды жумушка алууга;
11) өзүнүн жана анын жакын туугандарынын түздөн-түз жеке кызыкчылыгын козгогон маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
12) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш-сапарларга чыгууга.".
7. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренеси боюнча:
1) ушул берененин 2-бөлүгүндө Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Министрлер Кабинетинин, өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку сотунун, Элдик Курултайдын, өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Башкы прокурорунун мыйзам долбоорлоо ишинин пландарын жана Жогорку Кеңешке киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун алууга укуктуу экендиги каралган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын корутундуларына ылайык "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Өкмөт (Министрлер Кабинети) мыйзам долбоорлоо иштеринин планын жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мыйзам демилгелөөнүн башка субъекттерине жана мыйзам долбоорлоо иштеринин планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө талаптарды белгилебейт. Мыйзамдардын долбоорлору зарыл болгон учурда гана демилгеленет, ушуга ылайык алардын мыйзамдарды долбоорлоо иши туруктуу мүнөзгө ээ эмес. Жогоруда баяндалгандардын негизинде бул ченемди алып салуу керек;
2) ушул берененин 4-пунктунда Акыйкатчы Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналышта ишти кароо учурунда катышууга укуктуу экендиги каралган.
Кыргыз Республикасынын Жогору соту өзүнүн корутундусунда "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 4-бөлүгүн белгилейт, ага ылайык ага карата кайрылуу берилген судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйналышына катышууга укуктуу. Ушуга байланыштуу бул ченемди алып салуу керек;
3) ушул берененин 5-пунктунда Акыйкатчы бардык инстанциялардагы соттордун отурумдарына, анын ичинде соттук териштирүү кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган сот отурумдарына адам макул болгон шартта катышууга укуктуу деп каралган.
Кыргыз Республикасынын Жогору соту өзүнүн корутундусунда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 13-беренесинин 5-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ишти жабык сот жыйналышында териштирүүгө иштин катышуучулары, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар катышат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 291-беренесинин 7, 8, 9-бөлүктөрүнө ылайык жабык соттук отурумда ишти териштирүүдө соттук отурумдун залына тараптар гана, ал эми зарыл учурларда котормочу киргизилет; ишти териштирүүнү жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө судьянын токтому, соттун аныктамасы чыгарылгандан жана жарыялангандан кийин соттук отурумга катышып отурган жана процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук отурумдун залынан чыгарылат, бул жөнүндө соттук отурумдун протоколунда көрсөтүлөт; эгерде сот ишти териштирүүнүн бир бөлүгүн жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алса, анда процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук териштирүүнүн ушул бөлүгүнө гана киргизилбейт. Акыйкатчы процесстик мыйзамдарда каралган жабык сот жыйналыштарына катыша ала турган жактардын тизмесине кирбегендиктен, 10-берененин 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "5) бардык инстанциялардагы ачык сот отурумдарына, ал эми соттук териштирүүнүн кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган сот отурумдарына процесстик мыйзамдарга ылайык катышууга;";
4) ушул берененин 17-пунктуна ылайык Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кызматтык, коммерциялык, мамлекеттик же башка сыр менен байланышкан маалыматты алууга укуктуу.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына ылайык ишкердик жүргүзүүчү субъект тарабынан аныкталган кызматкерлердин чөйрөсү коммерциялык сырга мүмкүнчүлүк алышат. Мамлекеттик контролдоочу жана укук коргоо органдары аларга мыйзамдар тарабынан берилген контролдук жүргүзүү жана көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктарга ылайык өз компетенцияларынын чектеринде кат жүзүндөгү сунуш талаптын негизинде коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Финансылык чалгындоо органына коммерциялык сырга жеткиликтүүлүк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет. Коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматтарды камтыган документтерди алуу прокурордун же анын орун басарынын санкциясы менен гана жана тиешелүү мекеменин жетекчиси менен макулдашылган тартипте жүргүзүлөт. Документтерди алуу тергөөчүнүн жүйөлүү токтому боюнча жүргүзүлөт. Ушул органдардын кызмат адамдары чарба жүргүзүүчү субъекттин коммерциялык сырын түзгөн маалыматтарды билдирип койгондугу үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартылышат. Ошентип коммерциялык сырга жетүү укугуна ээ адамдардын тобу толук мүнөздү алып жүрөт. Коммерциялык сырды ачыкка чыгаруу чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгондугуна байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн пунктту алып салуу керек;
5) Кыргыз Республикасынын Жогору сотунун сунушуна ылайык 19-пунктту "сотто" деген сөздөн мурда "процесстик мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен толуктоону туура деп эсептейбиз, анткени Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 37-беренесине, Кыргыз Республикасынын Административдик- процесстик кодексинин 36-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 281-беренесине ылайык иштин материалдары менен ишке катышкан жактар гана тааныша алышат;
6) 20-пунктта Акыйкатчы кошумча маалыматтарды алуу үчүн ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттердин ишке тийиштиги бар кызматкерин чакырууга укуктуу.
Ошондой эле 41-пунктка ылайык Акыйкатчы судьяларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилерин, өкүлдөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө текшериле турган жагдайларга байланыштуу жазуу жүзүндөгү же оозеки түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн чакырууга укуктуу. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 7-пунктуна жана 14-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Министрлер Кабинети өз ишинде Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырууга Президенттин алдында отчет берет жана жооптуу. Аталган конституциялык Мыйзамдын 34-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Министрлер Кабинетинин жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) өз ара мамилелери Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык прокурордун көз карандысыздыгы жана анын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик прокуратуранын ишинин принциптеринин бири болуп саналат. Аталган конституциялык Мыйзамдын 5-беренесине ылайык прокуратура органдарынын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат. Прокурорго же аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсүнө алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу же алардын мыйзамсыз чечим кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет. Прокурор, аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүсү, мыйзамда каралган учурлардан жана тартиптен тышкары учурларда, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштердин жана материалдардын маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле аларды таанышып чыгуу үчүн кимдир бирөөлөргө берүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун жана тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар аяктаганга чейин ушул прокурордун уруксатысыз ачыкка чыгарууга эч ким укуктуу эмес. Өз кезегинде, колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Акыйкатчынын кошумча маалыматтарды алуу үчүн башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин чакырууга ыйгарым укугун карабайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана кызмат адамдарын кошумча маалыматтарды алуу үчүн чакыруу боюнча Акыйкатчынын укугу каралбагандыгын эске алып, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн жогоруда белгиленген пунктту алып салуу керек;
7) 24-пунктта Акыйкатчы ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес деп таануу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешеси болгон ченемдерин чечмелөө жөнүндө сунуштама менен Конституциялык сотко кайрылууга укуктуу деп каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын корутундусуна ылайык "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Конституциянын ченемдерин расмий чечмелөө жөнүндө кайрылуу укугуна Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети жана Жогорку сот ээ, алар Конституциялык сотко сунуштама түрүндө кайрылуу беришет. Ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 24-пунктун алып салуу керек;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сунушуна ылайык 25-пунктту колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 20-пунктуна окшош редакцияда баяндоону сунуш кылабыз. Анткени Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумун даярдоо жана өткөрүү шарттары "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталат;
9) 33-пунктка ылайык Акыйкатчы укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн материалдары менен ар кандай убакта тоскоолдуксуз таанышууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 497-505-беренелерине ылайык укук бузуу жасагандыгы үчүн тартылган адам, жабыр тарткан адам, эксперт, адис, котормочу, мыйзамдуу өкүл, жактоочу, өкүл, адвокат иштин материалдары менен тааныша алат. Ошондой эле бул Кодекстин 452-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык прокурор укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө тиешелүү материалдарга, документтерге жана башка маалыматтарга толук жетүүгө укуктуу. Ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизияларды болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 33-пунктун алып салуу керек;
10) 36-пунктка ылайык Акыйкатчы кылмыш-жаза, административдик, жарандык иштердин, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн материалдарын же ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттердин өндүрүшүндө турган ар кандай материалдардын же документтердин көчүрмөсүн алууга же болбосо фотосүрөтүн тартып алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн корутундусунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесине ылайык ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар кылмыш иши боюнча териштирүү аяктаганга чейин ачыкка чыгарылууга, анын ичинде алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура органдарынын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес деп белгилейт. Демек Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн ченемдер жогоруда аталган Кодекстин талаптарына ылайык келбейт. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 36-пунктунда "кылмыш-жаза" деген сөздөрдү "өндүрүштөн кыскартылган же козгоодон баш тартылган кылмыш иштердин" деген сөздөргө алмаштыруу керек;
11) "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык стратегиялык объектилерге Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдаланган мүлк, анын ичинде аскердик техникалар жана жабдыктар, курал-жарак чыгаруучу жана сыноочу өнөр жай ишканалары кирет.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 56 "Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарга ылайык ички объекттик режим - ички эмгек тартибин камсыз кылууга, мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сыры бар атайын жана кызматтык документтердин сакталышына, материалдык байлыктардын сакталышына, өрт коопсуздугун жана эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга арналган кайтарылуучу объектте белгиленген чаралардын жана эрежелердин жыйындысы. Өз кезегинде, жогоруда аталган Талаптардын 156-пунктунун 6-пунктчасында өрттөрдү, аварияларды жана башка бөөдө кырсыктарды жоюу үчүн өрт жана авариялык-сактап калуу командаларынын жоокерлери, бөөдө кырсык болгондо медициналык тез жардам кызматкерлери, мыйзамсыз иштерди тез токтотуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери контролдук зонага тоскоолсуз өткөрүлөт. Өрт, авариялык-сактап калуу командаларынын, медицина кызматкерлеринин же укук коргоо органдарынын чакырылгандыгы жөнүндө контролдук өткөрүү пункттарынын контролерлоруна күн мурунтан эскертилет. Баяндалганды эске алуу менен 10-берененин 18 жана 30-пункттарын, 21-берененин 3-бөлүгүн, 22-берененин 2-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз. Жогоруда аталган пункттарды "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз;
12) ушул берененин 42-пунктуна ылайык Акыйкатчы даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин, өкүмүн, соттун аныктамасын же токтомун же болбосо судьянын токтомун текшерүү жөнүндө өтүнүч менен сотко же прокуратурага кайрылууга укуктуу деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өзүнүн корутундусунда Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 323, 346, 351, 372-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 212, 241, 246, 267-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397, 401, 439, 451-беренелерине ылайык сот актылары процесстин катышуучулары же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген даттануулардын негизинде апелляциялык жана кассациялык инстанциялар тарабынан кайра каралышы мүмкүн деп белгилейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул ченем Мыйзамдын долбоорунан алып салынууга тийиш деп эсептейт;
13) 43-пунктта Акыйкатчынын мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жана илимий мекемелерге эксперттик жана аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү тапшыруу укугу бөлүгүндө формулировканы кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени алар Акыйкатчыга баш ийбейт.
8. Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 5-пунктунда Акыйкатчы адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди Кыргыз Республикасы ишке ашырышы боюнча эл аралык келишимдик органдарга альтернативдик баяндамаларды берүү укугу каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты өзүнүн корутундусунда Акыйкатчы Конституциянын 109-беренесине ылайык өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик бийлик органдарына таандыктыгын жана мамлекеттик бийлик органдарынын системасына киргендигин эске алып, өз ишинде Конституцияны, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесине ылайык адам укуктары чөйрөсүндө жалпы таанылган эл аралык принциптерди жана стандарттарды жетекчиликке алат, т.а. Акыйкатчы башка мамлекеттик органдар менен биргеликте аларды талкуулоодо өз сунуштарын жана баяндамаларын берүүгө, ошондой эле эл аралык келишимдик уюмдарда бирдиктүү мамлекеттик позициянын алкагында аракеттенүүгө тийиш деп белгилейт. Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 3-пункту боюнча да ушундай эле сын пикирлер. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жогоруда белгиленген пункттарды алып салуу зарыл.
9. Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Акыйкатчынын көңүл буруу актылары 30 календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.
Көңүл буруу актысынын талаптары аткарылбаган учурда Акыйкатчы Институту прокурордук чара көрүү актысын чыгаруу жөнүндө сунуш менен прокуратура органдарына же болбосо жооптуу адамдарга карата чараларды көрүү талабы менен жогору турган органга кайрылат. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда прокурор төмөнкүдөй прокурордук чара көрүү актыларын колдонот: каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, токтом, көрсөтмө, сотко арыз, соттук актыга даттануу жөнүндө сунуштама. Ошол эле учурда Акыйкатчынын көңүл буруу актысынын талаптарынын аткарылбашы прокурордук чара көрүү актыларын кабыл алууга негиз боло албайт. Ушуга байланыштуу бул ченемди алып салуу зарыл. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Акыйкатчынын укук коргоо корутундусу адам жаңы же жаңы ачылган жагдайлар боюнча компетенттүү органдарга өтүнүчтү жана/же адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдарга жеке даттанууну берүүсү үчүн негиз боло алат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары ишти сот тарабынан кароодо адамдын укуктары менен эркиндиктери бузулган фактыларды аныктоо жана ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон соттук актыны кабыл алган учурда арыз ээсине жана (же) сотко белгилүү болбогон жана белгилүү болушу мүмкүн болбогон жагдайларды же документтердин бар экендигин аныктоо сыяктуу негиздер бар болгон жаңы же кайра ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра баштоо үчүн негиздерди регламенттей тургандыгын белгилейбиз. Баяндалганды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 4-бөлүгүн алып салуу зарыл.
10. Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кайрылууларды кароо жана алар боюнча териштирүүнү жүргүзүү мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. Зарыл болгон учурда териштирүү мөөнөттөрү Акыйкатчы тарабынан узартылышы мүмкүн деп каралган.
Ошол эле учурда "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүн аталган Мыйзамга ылайык келтирүү керек.
11. Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык Акыйкатчы сот өндүрүшүнүн маселеси болуп калган даттануулар боюнча жагдайларды карабайт, эгерде алар башталгандан кийин кызыкдар жак сотко же болбосо Конституциялык сотко даттанууну же апелляцияны жөнөтсө, өзүнүн иш-аракеттерин токтотот. Акыйкатчы тиешелүү органдар тарабынан даттануулардын жана апелляциялардын каралуусуна көмөк көрсөтөт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты өзүнүн корутундусунда "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Конституциялык сотко сунуштама, өтүнүч, суроо-талап жана даттануу түрүндөгү, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына жооп берген кайрылуу Конституциялык сотто ишти кароого себеп болуп саналат деп белгилейт. Ушуга байланыштуу бул пункттун редакциясын "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык келтирүү зарыл.
12. Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүндө Акыйкатчы өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде жана андан кийин анын статусунан келип чыккан өзүнүн ишине байланыштуу, анын ичинде ал өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилдеги айткан ой-пикири, жасаган аракети же аракетсиздиги үчүн куугунтукталбайт жана соттук тартипте салынуучу жоопкерчиликке тартылбайт деп каралган.
Тактоо максатында жана эки тараптуу чечмелөөдөн качуу үчүн бул ченемди колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына окшогон "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда" деген сөздөр менен толуктоо зарыл. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Жогорку Кеңештин Акыйкатчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартуусу Акыйкатчыга карата кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүштү жокко чыгарган жагдай болуп саналат деп белгиленген. Бул ченем Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 497-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет, ага ылайык Жогорку Кеңештин депутатын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аларга карата ишти токтото туруу үчүн негиз болуп саналат. Ушуга байланыштуу бул пунктту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 497-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келтирүү зарыл. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 7-бөлүгүнүн биринчи абзацында Акыйкатчы кылмыш жасаган жеринде кармалган учурда, кармаган кызмат адамы бул жөнүндө ошол замат Башкы прокурорго кабарлайт. Башкы прокурор Акыйкатчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуш киргизет. 24 сааттын ичинде Жогорку Кеңештин кармоого макулдугу алынбаса, Акыйкатчы токтоосуз бошотулууга тийиш деп белгиленген. Бул учурда кармалган учурдан тартып 24 сааттык мезгил кайсы убакыттан баштап эсептеле тургандыгын тактоо зарыл.
13. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын бир бөлүгүндө же бүткүл аймагында өзгөчө же аскердик абалдын киргизилиши Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана Аппараттын кызматкерлеринин ишин токтотпойт, чектебейт жана токтото турбайт деп белгилейт.
Акыйкатчы, анын орун басарлары жана Аппараттын кызматкерлери өзгөчө жана/же аскердик абал киргизилген аймактын чектеринде же болбосо коменданттык саат убактысында өзүнчө жана атайын өткөрмөсүз (уруксатсыз) эркин жүрүүгө укуктуу. Согуштук абалды киргизүүнүн, алып салуунун жана кармап туруунун тартиби; согуш убагындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары; мамлекеттин жана жарандардын жана уюмдардын согуштук абал колдонулган мезгилдеги укуктук мамилелери "Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталат. Өзгөчө абалды киргизүүнүн шарттары, негиздери жана тартиби, ошондой эле өзгөчө абалдын мезгилинде киргизилүүчү мамлекеттик башкаруунун формалары "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен белгиленет. Аталган конституциялык мыйзамдарда Акыйкатчынын, анын орун басарларынын жана кызматкерлеринин белгиленген укуктары каралбагандыгын көңүлгө алып, ошондой эле өзгөчө же согуш абалынын өзгөчөлүгүн эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүн алып салуу зарыл.
14. Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө Акыйкатчынын өзүнүн жана анын орун басарларынын кол тийбестик кепилдиктерин иш жүзүндө кайталаган Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлерине карата кол тийбестик кепилдиктерин киргизүү сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты өзүнүн корутундусунда Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери ээлеген кызмат орундары Акыйкатчы жана анын орун басарлары ээлеген атайын мамлекеттик кызмат орундарынан айырмаланып, мамлекеттик административдик кызмат орундарынын категориясына кирерин эске алып, Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери үчүн кол тийбестик кепилдиктерин мындай кеңейтүү алардын укуктук статусуна ылайык келбейт деп белгилейт. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган ченемдерди алып салуу зарыл.
15. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өзүнүн корутундусунда ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ишин тиешелүү тармактын мыйзамдарынын жана алардын негизинде кабыл алынган актылардын, эрежелердин, жоболордун, нускамалардын негизинде жүзөгө ашырат деп белгилейт, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "тезинен жана артыкчылыктуу тартипте" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайт.
16. Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери Акыйкатчы тарабынан бекитилүүчү Аппараттын кызматкерлеринин ишин уюштуруу тартибине ылайык ушул конституциялык Мыйзамдын 11-беренесинде каралган укуктарга эз болушат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн корутундусунда Акыйкатчынын эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн шарттары 11-беренеде аныкталганын белгилейт. Ошону менен бирге, Акыйкатчынын ыйгарым укуктары Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинде каралган, ага ылайык Акыйкатчы Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана башка кызмат адамдарынын токтоосуз кабыл алуусуна, Жогорку Кеңешке атайын баяндамаларды киргизүүгө, фракцияларга, депутаттык топторго, комитеттерге, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарына адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушун иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү же парламенттик угууларды өткөрүү ж.б. жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу. Ушул беренеде каралган ыйгарым укуктар Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын компетенциясына кириши мүмкүн, ушуга байланыштуу Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлерине Акыйкатчы үчүн каралган ыйгарым укуктарды берүү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз, ошондуктан белгиленген ченемдерди алып салуу зарыл.
17. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт деп белгиленет.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 14 жана 15-пункттарында Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын региондорунда Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүн ачууга жана алардын түзүмүн, штатын жана иш тартибин аныктоого, ошондой эле Акыйкатчы институтунун бирдиктүү түзүмүнө кирген мекемелерди түзүүгө укуктуу деп каралган. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда Акыйкатчыга (омбудсменге) адам укуктары боюнча мезгилдүү басылмаларды уюштурууга укугун берүү каралган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн корутундусунда Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесин белгилейт, ага ылайык Акыйкатчыны, анын орун басарларын жана аппараттын кызматкерлерин медициналык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейлөө атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринен төмөн эмес деңгээлде белгиленет. Бирок, социалдык тейлөө түшүнүгү кеңири жана өз ичине тамак-аш продукттарын, кийим-кече, турак-жай, транспорт менен камсыз кылууну, ошондой эле социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана кыйынчылыктарды жеңүүдө колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Аталган беренеде социалдык-тиричилик жактан тейлөө Акыйкатчынын аппаратынын бардык штаттык санын камтууга тийиш деп каралат. Жогоруда белгиленген ченемдер республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келиши мүмкүн экендиги белгиленет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 14 жана 15-пункттарын жана 20-беренесин алып салуу зарыл.
18. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эмгек акыны эсептөө тартиби, кызматтык маянанын, үстөктөрдүн жана компенсациялык суммалардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
Ошентип, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардын штаттык санынын чегин жана эмгек акы төлөө шарттарын белгилөө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталууга тийиш. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык жана башка категориядагы кызматчылардын жана кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 23-беренени төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайт: "23-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты
1. Акыйкатчы (Омбудсмен) өз ишинин регламентин бекитет, анда иштин уюштурулушун жана ыкмаларын толук аныктайт.
2. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишин камсыз кылуу үчүн Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты түзүлөт. Аппараттын түзүмү, штаттык расписаниеси, иш тартиби жана уюштурулушу Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан белгиленген штаттык сандын чегинде аныкталат.
3. Акыйкатчы (Омбудсмен) жана анын Аппараты алыш-бериш жана башка эсептери, өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана бланктары бар юридикалык жактын укуктарындагы мамлекеттик орган болуп саналат.
4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппаратынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле алардын мамлекеттик кызмат өтөөсүнүн шарттары "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.
5. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппаратынын штаттык санынын чеги, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана анын орун басарларына жана аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Президент тарабынан аныкталат.".
19. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн корутундусунда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси республикалык бюджетти түзүү, кароо, бекитүү, тактоо жана аткаруу процессинде мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт, бюджеттик процесстин катышуучуларынын статусун белгилейт, бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин укуктук негизин аныктайт деп белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 89-беренесине ылайык бюджеттин ресурстарынын болжолдонгон көлөмдөрү кыскартылган учурда, ал көлөмдөргө чыгашаларды азайтуу боюнча чечим бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (тескөөчүлөрүнө, алуучуларына) милдеттүү маалымдоо жана мындай кыскартуунун себептерин негиздөө менен Фискалдык саясаттын негизги багыттарын бекитүү боюнча Министрлер Кабинетинин кеңеши тарабынан кабыл алынат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106-беренесине ылайык Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары болгон, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсебине бюджеттик жылдын акыркы эки жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен которулууга жатат. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 24-беренеси Бюджеттик кодекстин ченемдерине каршы келет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мыйзам долбоорунун 24-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылат: "24-берене. Акыйкатчы (Омбудсмен) институтун каржылоо
1. Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан камсыз кылынат.
2. Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун ишин кошумча каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Акыйкатчы институтунун финансылык отчету Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө берилет.".
20. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси колдонууга киргизилген.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда "административдик" деген сөздү ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
21. Мыйзамдын долбоорунун мазмунун талдоодон улам, Мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендиги келип чыгат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
22. Мыйзамдын долбоорунун 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун ушул пунктта каралган ченемдик көрсөтмө өз алдынча мүнөзгө ээ болгондугуна байланыштуу 25-берененин өзүнчө бөлүгүнө бөлүү керек.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада белгиленген талаптарды көңүлгө алып, Мыйзамдын долбоорун кылдат редакциялык жана кодификациялык жеткире иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейбиз. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган Мыйзамдын долбоорунун концепциясын колдоп, ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууну сунуш кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 27 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (27)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Административдик-процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 13
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын "Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 22.09.2025 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 56 "Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.02.2015 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 15.11.2021 · № 139
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.