83-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 98
Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:
1) уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо;
2) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу;
3) кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген:
а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу;
б) аттестациянын натыйжаларында тастыкталган квалификациясынын жетишсиздиги, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралу маалымкат, брак чыгаруу жана башка маалыматтар жөнүндөгү актыларга ылайык;
4) уюмдун мүлк ээси алмашканда (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата);
5) эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса;
6) кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй бир жолу одоно бузса:
а) ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо);
б) иште алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат;
в) иш ордунда уюмдун атайлап туруп уурдаса же бүлүндүрсө;
г) жаракат алганы жана аварияны кошкондо, оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо талаптарын кызматкер бузса;
д) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, банктык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса.
Кызматкерлердин айрым категорияларына карата мыйзамдарда жана уставдарда, тартип жөнүндө жоболордо эмгек милдеттерин бир жолку бузуулардын башка түрлөрү да каралышы мүмкүн;
7) акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо;
8) тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасаса;
9) уюмдун (филиал, өкүлчүлүк) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укуктан тышкары колдонууга же башка зыяндарга алып келүүчү негизсиз чечим кабыл алса;
10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса;
11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса;
12) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген башка учурларда.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка муниципалдык ченемдик-укуктук актыларда каралган тартипте мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты ээлеген адам ишеним жоготкондугуна байланыштуу төмөнкү учурларда бошотулууга жатат:
- түздөн-түз акчалай же товардык баалуулуктарды тейлеген кызматкер күнөөлүү аракеттерди жасаганда;
- кызыкчылыктардын кагылышуусунун бир тарабы болуп эсептелген адам тарабынан аны алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлбөгөндө;
- адам тарабынан өзүнүн кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жетелек балдарынын кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалымат берилбесе же болбосо атайын жалган же толук эмес маалыматтарды берсе;
- мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адам коммерциялык уюмдун башкаруу органынын ишине акы алуунун негизинде катышса;
- адам тарабынан ишкердик иш жүзөгө ашырылса;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген саясий партиялардын, башкаруу органдарынын жана чет мамлекеттик коммерциялык эмес өкмөттүк эмес органдардын камкорчулук же байкоо кеңештеринин, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирсе.
Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамга кызыкчылыктардын кагылышына алып келген же алып келе турган жеке кызыгуу ага баш ийген адамда пайда болгондугу белгилүү болуп калса, таламдардын кагылышуусун алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөн учурда ишеним жоготкондугуна байланыштуу бошотулууга (кызматтан бошотулууга) тийиш.
(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
83-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам защиты предпринимательской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирсе.
кошулду: Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамга кызыкчылыктардын … 164, 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185, 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 207 кошулду: 207, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (21)
- "Положение о прохождении службы в Государственной службе по контролю наркотиков при Правительстве Кыргызской Республики" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 20.02.2012 · № 132
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 304 "Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 24.05.2017 · № 304
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 15-б (Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Распоряжение · 19.01.2010 · № 15-р
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 12-июлундагы № 356 "А. Акунов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 12.07.2011 · № 356
- Положение о прохождении службы в Агентстве Кыргызской Республики по контролю наркотиков (утверждено указом Президента КР от 11 января 2005 года УП N 6)Положение · 11.01.2005 · № 6
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 25-августундагы № 412 "Р.Ч.Жумасыдыков жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 25.08.2011 · № 412
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 443 "М.К.Асанбеков жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 22.09.2011 · № 443
- КР Премьер-министринин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 158 "Н.Т.Тотонов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 09.04.2014 · № 158
- КР Премьер-минитсринин 2013-жылдын 3-декабрындагы № 546 "А.Р.Молдокеев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 03.12.2013 · № 546
- Ош шаардык кеңешинин 2012 -жылдын 26- апрелиндеги №13 "Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтомПостановление · 26.04.2012 · № 13
- КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 204 жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө…Положение · 27.09.2010 · № 204
- КР Президентинин 2012-жылдын 22-майындагы ПЖ №112 "О.А. Молдалиев жөнүндө" жарлыгыУказ · 22.05.2012 · № 112
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 656 "“Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 12.12.2016 · № 656
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 11.01.2021 · № 2
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 258 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.04.2012 · № 258
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга…Постановление · 22.05.2024 · № 261
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Обобщение судебной практики по рассмотрению гражданских дел, связанных с трудовыми спорами, рассмотренных судами республики в 2020-2021 годах.Обзор судебной практики · 25.12.2024
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 713 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө"…Постановление · 12.10.2012 · № 713 · Күчүн жоготкон
- "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 24.07.2013 · № 157 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 20.11.2012 · № 185 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-83" title="83-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>