79-статья. Эмгек келишимин токтотуунун негиздери
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185
Эмгек келишимин токтотуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) тараптардын макулдашуусу (80-статья);
2) эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү (81-статья);
3) кызматкердин демилгеси (82-статья);
4) иш берүүчүнүн демилгеси (83-статья);
5) кызматкерди анын өтүнүчү же макулдугу боюнча башка иш берүүчүгө ишке которуу же шайлануучу (ишке) кызматка өтүү;
6) тараптардын эркинен тышкаркы жагдайлар (88-статья);
7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу башка ишке которуудан кызматкердин баш тартышы (75-статьянын үчүнчү бөлүгү);
8) эмгектин олуттуу шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматкердин ишти улантуудан баш тартышы (71-статьянын төртүнчү бөлүгү);
9) менчик ээсинин алмашышына, уюмдун таандуулугунун (ведомствого караштуулук) өзгөрүшүнө жана анын өзгөртүп кайра түзүлүшүнө (77-статья) байланыштуу кызматкер ишти улантуудан баш тартышы;
10) иш берүүчүнүн башка жерге жылдырышына байланыштуу кызматкердин которуудан баш тартышы (69-статьянын биринчи бөлүгү);
11) сыноо мөөнөтүнүн канааттандыраарлык эмес натыйжалары (62-статьянын 7-бөлүгү).
Эмгек келишими ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча да токтотулушу мүмкүн. Бардык учурларда иштен бошонгон күн акыркы иш күнү болуп саналат. Эмгек келишиминин токтотулушу ушул Кодекстин же башка мыйзамдын тиешелүү статьясына, пунктуна шилтеме жасап, эмгек келишимин бузуунун негиздерин көрсөтүү менен, иш берүүчүнүн буйругу менен (тескеме, токтом) жол-жоболоштурулат. (КР 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
79-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 ноября 2012 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.11.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кызматкердин которуудан баш тартышы (69-статьянын биринчи алынып салынды: бөлүгү).
кошулду: бөлүгү);
11) сыноо мөөнөтүнүн канааттандыраарлык эмес натыйжалары (62-статьянын 7-бөлүгү).
Эмгек келишими ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган башка … күн акыркы иш күнү болуп саналат.
Эмгек келишиминин токтотулушу кошулду: ушул Кодекстин же башка мыйзамдын тиешелүү статьясына, пунктуна шилтеме жасап, эмгек келишимин бузуунун негиздерин көрсөтүү менен, иш берүүчүнүн буйругу менен (тескеме, токтом) жол-жоболоштурулат.
кошулду: (КР 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 431 "Р.У.Калыгулов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 19.09.2011 · № 431
- 2011-жылдын 23-июну № 336 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ниязалиева Д.А., Өмүрбекова А.С., Асымбекова Г.Ү., Балтабаев Т. жана Айтматов К.С. демилге…Постановление · 23.06.2011 · № 336 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-мартындагы N 145 "Эмгек келишиминин жана отпуска жөнүндө каттын болжолдуу түрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.1999 · № 145 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-октябрындагы № 604 ""Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 20.10.2014 · № 604 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-79" title="79-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>