Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-30.
КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-июлу № 157 "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 2, 91-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-статья менен толукталсын:
"15-1-статья. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри
Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестрин мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын Реестри бошогон администрациялык кызмат орундарды ээлөөгө конкурстук тандоодо колдонулушу мүмкүн. Реестрдин маалыматтары талапкерди ишке алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп кызмат кылбайт.".
2. 33-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Муниципалдык кызматчынын наамын булгаганы үчүн муниципалдык кызматчы Эмгек кодексинин 83-статьясынын 5-пунктунда, 6-пунктунун "а", "б", "в", "д" пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын администрациясынын демилгеси боюнча кызматтан бошотулган учурда, аталган органдын администрациясы жети күндүк мөөнөттө тиешелүү маалыматты мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. Муниципалдык кызматчыны ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызматтан бошотуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № "Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин…Постановление · 24.02.2016 · № XXXI-4
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-декабрындагы № 712 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 18.12.2014 · № 712 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон