160-статья. Эмгек акыдан кармап калуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгек акыдан кармап калуу ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда гана жүргүзүлөт. Кызматкердин иш берүүчүгө карызын жоюу үчүн эмгек акыдан кармап калуу иш берүүчүнүн тескемеси боюнча төмөнкүчө жүргүзүлөт:
1) кызматкерге эмгек акынын эсебинен берилген аткарылбаган жумуш үчүн аванстын ордун толтуруу үчүн; эсептөөдөгү жаңылыштыктан улам ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтарып алуу үчүн; кызматтык иш сапарга же бөлөк жерге башка ишке которулууга байланыштуу берилип, керектелбеген жана өз убагында кайра берилбеген авансты жабуу үчүн; эгерде кармап калуунун негизин жана өлчөмүн кызматкер талашып-тартышпаса, чарбалык муктаждыктар үчүн;
2) кызматкер ар жылдагы акы төлөнүүчү өргүүсүн алган жыл аяктай электе жумуштан бошонгондо, өргүүнүн иштеп тапкан орду толтурулбаган күндөрү үчүн. Эгерде кызматкер ушул Кодекстин 83-статьясынын 1, 2-пункттарында, 3-пунктунун "а" пунктчасында жана 4-пунктунда, 88-статьясынын 1, 2, 6 жана 7-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча жумуштан бошонсо, ошол күндөр үчүн кармап калуу жүргүзүлбөйт.
3) кызматкердин күнөөсү боюнча иш берүүчүгө келтирилген зыяндын ордун толтурууда анын айлык орточо эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө.
Иш берүүчү мындай учурларда ушул Кодексте каралгандан башка учурларда, кызматкер кармап калуунун себеби жана өлчөмү боюнча талаш-тартышпаган шартта, авансты кайра төлөө, карызды жоюу үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин же туура эмес эсептелип төлөнгөн күндөн кийин 1 айдан кечиктирбестен эмгек акыдан кармап калуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Ушул көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөт өтүп кеткенден кийин кармап калуу сот тартибинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Иш берүүчү кызматкерге ашыкча төлөгөн, анын ичинде мыйзамды туура эмес колдонуудан ашыкча төлөнгөн эмгек акы туура эмес эсептелгенден башка учурларда андан кармалып калышы мүмкүн эмес. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
160-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 20.07.2015 · № 179 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-160" title="160-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>