Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» ТОКТОМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 258
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 4, 302-б.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 54-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Эмгек келишиминде тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруунун жана токтотуунун тартибин жөнгө салуучу башка жоболор чагылдырылышы мүмкүн.".
2. 83-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) эмгек келишиминде каралган;";
- 6-пунктунун биринчи абзацындагы мамлекеттик тилде баяндалган "бир нече жолу" деген сөздөр "бир жолу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 12, 529-б.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 25-берене төмөнкү мазмундагы 13 жана 14-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдын жетекчиси статс-катчы сунуш киргизгенден кийин бош кызмат ордуна конкурстан ийгиликтүү өткөн адам менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген формада жана мазмунда эмгек келишимин түзөт жана ушул адамды дайындоо жөнүндө тийиштүү буйрук чыгарат. Мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик кызматты өтөө жана токтотуу тартибин жөнгө салуучу башка жоболорду эмгек келишиминде караганга укуктуу.".
2. 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы "д-1" пункт менен толукталсын:
"д-1) эмгек келишиминде каралган;".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
Эмгектин ар бир түрү жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосунда эмгек келишимдерин түзүү деңгээлинде жөнгө салынуучу өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде эмгек келишимдеринин жалпы жоболору түрдүү иш түрлөрүнүн өзгөчөлүгү эсепке алынбастан каралган. Белгилүү жумушчуларга коюлуучу атайын талаптарды аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүүнүн сунушталат. Мыйзам долбоорунун максаты:
- эмгек келишиминин мазмунун кеңейтүү;
- эмгек келишиминде каралган учурларда жумуш берүүчүгө эмгек келишимин бузуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Мыйзам долбоорунун милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 54 жана 83-беренелерине ар бир иш түрү өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ болгондугуна байланыштуу эмгек келишимин түзүүдө башка жоболорду киргизүүнү караган толуктоо киргизүү, ошондой эле бул келишимде каралган учурларда жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Мыйзамдын социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалары жок, анткени эмгек келишими жумуш берүүчүнүн жана жумушчунун эки тараптуу укуктарын жана милдеттерин укуктук деңгээлде карайт.
Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө
Коомдук талкуу өткөрүү максатында мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылган, пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.
Мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктуулугу жөнүндө
Бул ченемдерди кошуу мыйзамдарга каршы келбейт, анткени келишимди түзүп жатып, тараптар адегенде келишимде каралган жоболорго жана ага баш ийүүгө өздөрүнүн эркин жана макулдугун билдиришет.
Каржылоо булактары жөнүндө
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоону талап кылбайт. 83-берененин 6-пункту мамлекеттик жана расмий тилдердеги түрдүү окулушуна байланыштуу аларды шайкеш келтирүү сунуш кылынат.
Министр
А.Алымкулов
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
Мамлекеттин милдеттерин жана функцияларын практикалык ишке ашырууда мамлекеттик кызмат негизги каражат катары эсептелет, анын түзүмүнүн иштешин камсыздайт, коомдун жана адамдын нормалдуу жашоо-турмушу үчүн шарттарды түзөт. Ар бир мамлекеттик органдын иши жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталуусу жана аларга тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тийиш, бул мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруусун талап кылат. Мамлекеттик кызмат өтөө тартибин укуктук жөнгө салуу системасы өркүндөтүүнү талап кылат. Эмгек келишими мамлекеттик кызматкерлердин эмгектик укук мамилелеринде маанилүү курал болуусу зарыл. Мыйзам долбоорунун максаты: мамлекеттик кызмат өтөө тартибин өркүндөтүү. Мыйзам долбоордун милдети: "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 31-беренелерине бош мамлекеттик кызматка конкурстан өткөн адамдар менен эмгек келишимин түзүү, ошондой эле эмгек келишиминин шарттары бузулган учурда мамлекеттик органда кызмат өтөөнү токтотуу каралган толуктоолорду киргизүү. Мыйзамдын социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалары жок, анткени эмгек келишими мамлекеттик органдын жетекчиси менен мамлекеттик кызматкердин өз ара укуктарын жана милдеттерин укуктук деңгээлде карайт.
Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө
Коомдук талкуу өткөрүү максатында мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылган, пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.
Мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктуулугу жөнүндө
Бул ченемдерди кошуу мыйзамдарга каршы келбейт, анткени келишимди түзүп жатып, тараптар башында келишимде каралган жоболорго жана ага баш ийүүгө өздөрүнүн эркин жана макулдугун билдиришет.
Каржылоо булактары жөнүндө
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоону талап кылбайт.
Министр
А.Алымкулов
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 54-статья. Эмгек келишиминин мазмуну Эмгек келишиминин мазмуну ушул Кодексте каралган талаптарды сактоо менен тараптардын макулдашуусу аркылуу аныкталат. Эмгек келишими милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: 1) эмгек келишимин түзүү датасы жана орду; 2) тараптардын реквизиттери: - иш берүүчүнүн - юридикалык жактын толук аталышы, анын жайгашкан орду, уюмдаштыруу документтерин мамлекеттик каттоонун номери жана датасы; - иш берүүчүнүн (анын өкүлүнүн) фамилиясы, аты-жөнү, атасынын аты (эгерде ким экендигин ырастоочу документинде көрсөтүлсө) жана иштеген кызматы, ал эми иш берүүчү жеке жак болсо, анын туруктуу жашаган жеринин дареги, аталышы, номери, ким экендигин ырастоочу документти берген датасы; - кызматкердин фамилиясы, аты-жөнү (эгерде ким экендигин ырастоочу документинде көрсөтүлсө), социалдык коргоо күбөлүгүнүн идентификациялык номери; 3) иш аткарыла турган жумуш орду; 4) уюмдун штаттык ырааттамасына же айкын эмгектик иш-милдеттерге ылайык квалификациясын көрсөтүү менен кызматынын, адистигинин, кесибинин аталышы; 5) иштин башталыш датасы; 6) эмгек келишиминин колдонулуш мөөнөтү; 7) иш режими; 8) кызматкердин жана иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери; 9) эмгек акы төлөө шарттары (анын ичинде тарифтик ставканын же кызматкердин кызматтык айлык акысынын өлчөмү, кошумча төлөөлөр, үстөктөр жана сыйлык төлөмдөрү, иштин оор, коркунучтуу жана зыяндуу шарты үчүн компенсацияларды төлөөлөр); 10) эмгек шарттарынын туура мүнөздөмөлөрү, оор, зыяндуу же коркунучтуу шарттардагы иш үчүн кызматкерге берилүүчү компенсациялар жана жеңилдиктер; 11) тараптардын койгон колдору. Эмгек келишиминде сыноо мөөнөтүн белгилөө жөнүндө, мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка мыйзам менен корголуучу сырларды ачыкка чыгарбоо тууралу, кызматкер окугандан кийин келишимде белгиленген мөөнөттөн кем эмес иштеп берүү милдети жөнүндө же эгерде окуу иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсө жана белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кызматкердин демилгеси боюнча эмгек келишими токтотулса, чыгымдардын ордун толтуруп берүү тууралу шарттар, ошондой эле ушул Кодекске, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге жана макулдашууларга салыштырмалуу кызматкердин абалын начарлатпоочу башка шарттар каралышы мүмкүн. Эмгек келишиминин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча гана жана жазуу жүзүндө өзгөртүлүшү мүмкүн. Мөөнөттүү эмгек келишимин түзгөн учурда, анда анын колдонулуш мөөнөтү жана мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү үчүн негиз болгон кырдаал (себеп) көрсөтүлөт. Тараптардын макулдашуусу боюнча уюмдун жетекчиси, анын орун басары жана башкы бухгалтери менен эмгек келишимин түзүүдө, ушул Кодексте каралгандар менен катар эмгек келишимин бузуунун кошумча негиздери белгилениши мүмкүн. | 54-статья. Эмгек келишиминин мазмуну Эмгек келишиминин мазмуну ушул Кодексте каралган талаптарды сактоо менен тараптардын макулдашуусу аркылуу аныкталат. Эмгек келишими милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: 1) эмгек келишимин түзүү датасы жана орду; 2) тараптардын реквизиттери: - иш берүүчүнүн - юридикалык жактын толук аталышы, анын жайгашкан орду, уюмдаштыруу документтерин мамлекеттик каттоонун номери жана датасы; - иш берүүчүнүн (анын өкүлүнүн) фамилиясы, аты-жөнү, атасынын аты (эгерде ким экендигин ырастоочу документинде көрсөтүлсө) жана иштеген кызматы, ал эми иш берүүчү жеке жак болсо, анын туруктуу жашаган жеринин дареги, аталышы, номери, ким экендигин ырастоочу документти берген датасы; - кызматкердин фамилиясы, аты-жөнү (эгерде ким экендигин ырастоочу документинде көрсөтүлсө), социалдык коргоо күбөлүгүнүн идентификациялык номери; 3) иш аткарыла турган жумуш орду; 4) уюмдун штаттык ырааттамасына же айкын эмгектик иш-милдеттерге ылайык квалификациясын көрсөтүү менен кызматынын, адистигинин, кесибинин аталышы; 5) иштин башталыш датасы; 6) эмгек келишиминин колдонулуш мөөнөтү; 7) иш режими; 8) кызматкердин жана иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери; 9) эмгек акы төлөө шарттары (анын ичинде тарифтик ставканын же кызматкердин кызматтык айлык акысынын өлчөмү, кошумча төлөөлөр, үстөктөр жана сыйлык төлөмдөрү, иштин оор, коркунучтуу жана зыяндуу шарты үчүн компенсацияларды төлөөлөр); 10) эмгек шарттарынын туура мүнөздөмөлөрү, оор, зыяндуу же коркунучтуу шарттардагы иш үчүн кызматкерге берилүүчү компенсациялар жана жеңилдиктер; 11) тараптардын койгон колдору. ЭМГЕК КЕЛИШИМИНДЕ ТАРАПТАРДЫН МАКУЛДАШУУСУ БОЮНЧА ЭМГЕК ИШИН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН ЖАНА ТОКТОТУУНУН ТАРТИБИН ЖӨНГӨ САЛУУЧУ БАШКА ЖОБОЛОР ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ МҮМКҮН. Эмгек келишиминде сыноо мөөнөтүн белгилөө жөнүндө, мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка мыйзам менен корголуучу сырларды ачыкка чыгарбоо тууралу, кызматкер окугандан кийин келишимде белгиленген мөөнөттөн кем эмес иштеп берүү милдети жөнүндө же эгерде окуу иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсө жана белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кызматкердин демилгеси боюнча эмгек келишими токтотулса, чыгымдардын ордун толтуруп берүү тууралу шарттар, ошондой эле ушул Кодекске, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге жана макулдашууларга салыштырмалуу кызматкердин абалын начарлатпоочу башка шарттар каралышы мүмкүн. Эмгек келишиминин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча гана жана жазуу жүзүндө өзгөртүлүшү мүмкүн. Мөөнөттүү эмгек келишимин түзгөн учурда, анда анын колдонулуш мөөнөтү жана мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү үчүн негиз болгон кырдаал (себеп) көрсөтүлөт. Тараптардын макулдашуусу боюнча уюмдун жетекчиси, анын орун басары жана башкы бухгалтери менен эмгек келишимин түзүүдө, ушул Кодексте каралгандар менен катар эмгек келишимин бузуунун кошумча негиздери белгилениши мүмкүн. |
| 83-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн: 1) уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо; 2) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу; 3) кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген: а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу; б) аттестациянын натыйжаларында тастыкталган квалификациясынын жетишсиздиги, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралу маалымкат, брак чыгаруу жана башка маалыматтар жөнүндөгү актыларга ылайык; 4) уюмдун мүлк ээси алмашканда (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата); 5) эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса; 6) кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй бир нече жолу одоно бузса: а) ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо); б) иште алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат; в) иш ордунда уюмдун атайлап туруп уурдаса же бүлүндүрсө; г) жаракат алганы жана аварияны кошкондо, оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо талаптарын кызматкер бузса; д) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса. Кызматкерлердин айрым категорияларына карата мыйзамдарда жана уставдарда, тартип жөнүндө жоболордо эмгек милдеттерин бир жолку бузуулардын башка түрлөрү да каралышы мүмкүн; 7) акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо; 8) тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасаса; 9) уюмдун (филиал, өкүлчүлүк) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укуктан тышкары колдонууга же башка зыяндарга алып келүүчү негизсиз чечим кабыл алса; 10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса; 11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса; 12) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген башка учурларда. | 83-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн: 1) уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо; 2) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу; 3) кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген: а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу; б) аттестациянын натыйжаларында тастыкталган квалификациясынын жетишсиздиги, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралу маалымкат, брак чыгаруу жана башка маалыматтар жөнүндөгү актыларга ылайык; 4) уюмдун мүлк ээси алмашканда (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата); 4-1) ЭМГЕК КЕЛИШИМИНДЕ КАРАЛГАН; 5) эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса; 6) кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй БИР ЖОЛУ одоно бузса: а) ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо); б) иште алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат; в) иш ордунда уюмдун атайлап туруп уурдаса же бүлүндүрсө; г) жаракат алганы жана аварияны кошкондо, оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо талаптарын кызматкер бузса; д) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса. Кызматкерлердин айрым категорияларына карата мыйзамдарда жана уставдарда, тартип жөнүндө жоболордо эмгек милдеттерин бир жолку бузуулардын башка түрлөрү да каралышы мүмкүн; 7) акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо; 8) тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасаса; 9) уюмдун (филиал, өкүлчүлүк) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укуктан тышкары колдонууга же башка зыяндарга алып келүүчү негизсиз чечим кабыл алса; 10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса; 11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса; 12) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген башка учурларда. |
Министр
А.Алымкулов
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 25-статья. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө конкурс Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат орду пайда болгон учурда мамлекеттик органдын статс-катчысы бул туурасында үч жумушчу күндүн ичинде Агентствого жазуу жүзүндө кабарлайт. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик орган тарабынан конкурс жарыяланат. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө конкурстун катышуучусу - бул конкурска катышууга арыз берген жана конкурска катышууга уруксат кылынган адам. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө конкурс (мындан ары - конкурс) мамлекеттик кызматка Кыргыз Республикасынын жарандарынын теңчиликте жетүүсүн камсыз кылууга тийиш. Биринчи кезекте конкурс ички резервде турган адамдардын ортосунда жүргүзүлөт. Эгерде ички резервде турган адамдар конкурска катышуудан баш тартса, болбосо конкурстан өткөн адам кызмат ордуна дайындалбаса, анда конкурс улуттук резервде турган адамдардын ортосунда жарыяланат. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндөгү билдирүү төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги; административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордунун аталышы; административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар; бул кызмат ордунун иш-милдеттери; конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; документтерди кабыл алуу убактысы жана орду; конкурсту өткөрүүнүн убактысы жана орду. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды сунуш кылган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт. Ачык конкурс өткөрүүдө аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан маектешүүнү көрмөжазуу жүргүзүлөт. Конкурска катышуучунун өтүнүчү боюнча ага үч күндүн ичинде көрмөжазуунун ага тиешелүү бөлүгүнүн же болбосо толук жазуунун көчүрмөсү берилет. Маектешүүлөрдүн көрмөжазуулары бир жыл бою сакталууга тийиш. Ачык конкурстун натыйжасы ал түздөн-түз ал аяктагандан кийин анын катышуучуларына билдирилет. Статс-катчы үч күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине конкурстан ийгиликтүү өткөн адамдарды дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө милдеттүү. Мамлекеттик кенже кызмат ордуна кадрлардын резервин түзүү максатында Агентство тарабынан жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында улуттук конкурс өткөрүлүшү мүмкүн. | 25-статья. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө конкурс Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат орду пайда болгон учурда мамлекеттик органдын статс-катчысы бул туурасында үч жумушчу күндүн ичинде Агентствого жазуу жүзүндө кабарлайт. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик орган тарабынан конкурс жарыяланат. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө конкурстун катышуучусу - бул конкурска катышууга арыз берген жана конкурска катышууга уруксат кылынган адам. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө конкурс (мындан ары - конкурс) мамлекеттик кызматка Кыргыз Республикасынын жарандарынын теңчиликте жетүүсүн камсыз кылууга тийиш. Биринчи кезекте конкурс ички резервде турган адамдардын ортосунда жүргүзүлөт. Эгерде ички резервде турган адамдар конкурска катышуудан баш тартса, болбосо конкурстан өткөн адам кызмат ордуна дайындалбаса, анда конкурс улуттук резервде турган адамдардын ортосунда жарыяланат. Административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндөгү билдирүү төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги; административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордунун аталышы; административдик мамлекеттик ваканттык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар; бул кызмат ордунун иш-милдеттери; конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; документтерди кабыл алуу убактысы жана орду; конкурсту өткөрүүнүн убактысы жана орду. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды сунуш кылган жарандар конкурска катышууга жол берилбейт. Ачык конкурс өткөрүүдө аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан маектешүүнү көрмөжазуу жүргүзүлөт. Конкурска катышуучунун өтүнүчү боюнча ага үч күндүн ичинде көрмөжазуунун ага тиешелүү бөлүгүнүн же болбосо толук жазуунун көчүрмөсү берилет. Маектешүүлөрдүн көрмөжазуулары бир жыл бою сакталууга тийиш. Ачык конкурстун натыйжасы ал түздөн-түз ал аяктагандан кийин анын катышуучуларына билдирилет. Статс-катчы үч күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине конкурстан ийгиликтүү өткөн адамдарды дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө милдеттүү. "МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ СТАТС-КАТЧЫ СУНУШ КИРГИЗГЕНДЕН КИЙИН БОШ КЫЗМАТ ОРДУНА КОНКУРСТАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨН АДАМ МЕНЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИНДЕ БЕЛГИЛЕНГЕН ФОРМАДА ЖАНА МАЗМУНДА ЭМГЕК КЕЛИШИМИН ТҮЗӨТ ЖАНА УШУЛ АДАМДЫ ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ТИЙИШТҮҮ БУЙРУК ЧЫГАРАТ. МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН ЖЕТЕКЧИСИ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТЫ ӨТӨӨ ЖАНА ТОКТОТУУ ТАРТИБИН ЖӨНГӨ САЛУУЧУ БАШКА ЖОБОЛОРДУ ЭМГЕК КЕЛИШИМИНДЕ КАРАГАНГА УКУКТУУ. Мамлекеттик кенже кызмат ордуна кадрлардын резервин түзүү максатында Агентство тарабынан жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында улуттук конкурс өткөрүлүшү мүмкүн. |
| 31-статья. Мамлекеттик органдагы кызматты мамлекеттик органдын администрациясынын демилгеси боюнча токтотуу Мамлекеттик органдын демилгеси боюнча мамлекеттик кызматчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн: а) мамлекеттик орган кайра уюштурулганда же жоюлганда; б) ээлеген административдик мамлекеттик кызмат орду кыскарганда; в) мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызмат менен айкалышпаган кызмат ордуна шайланганда же дайындалганда; г) аттестациялоонун же квалификациялык сынактын натыйжасында тастыкталган мамлекеттик кызматчынын ээлеген кызмат ордуна жетиштүү квалификацияга ылайык келбестиги, ошондой эле сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөндө; д) мамлекеттик кызматчы тарабынан эмгек тартиби одоно бузулганда; - ишке келбей коюу (бир жумушчу күндө жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумуш ордунда болбой калуу); - кызмат кылган жеринде мүлктү уурдоо (анын ичинде катып алуу), жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бузуу; - ишке ичкилик ичип, баңгизат же башка токсиндик затты колдонуу менен мас абалында келүү; - мамлекеттик кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгаруу; - мамлекеттик кызматчы тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече курдай аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбай коюу, эгерде мурда ага тартип жазасы колдонулган болсо; - мыйзамда же кызматтык нускоолордо тике каралган учурлардан тышкары саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине катышуу; е) мамлекеттик кызматчыга карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши; ж) ушул Мыйзамдын 10, 11-статьяларында каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары белгиленгенде; з) мамлекеттик кызматчы тарабынан мамлекеттик кызматка кирүүдө жалган документтерди же атайылап эле жалган маалыматтарды берүү; и) эгерде аткаруучу иши мамлекеттик сырга ээ болууну талап кылган болсо, мамлекеттик жашыруун сырга ээ болууну токтотуу; к) ротация иретинде которуудан баш тартуу; л) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу; м) ал мамлекеттик кызматта болуу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген жаш курагынын чегине жеткенде; н) ушул Мыйзам менен каралган мүлк жана кирешелер жөнүндө декларацияны тапшырбоо же декларациялоодой мүлк жана кирешесин атайылап жашырып коюу, болбосо чындыкка туура келбеген маалыматтарды берүү. Мамлекеттик органды кайра уюштуруу, жоюу же мамлекеттик органда административдик кызмат орундарын кыскартууга алып келе турган мамлекеттик органдын штаттык ырааттамасын өзгөртүү Агентствонун макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органды кайра уюштуруу же жоюу негиздери боюнча иштен бошотууга, болбосо мамлекеттик органдын штаттык кызмат ордун кыскартууга, эгерде мамлекеттик кызматчыны анын макулдугу менен башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, жол берилет. Мамлекеттик кызматчыны ал убактылуу ишке жараксыз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (мамлекеттик органды кайра уюштуруу же жоюу, болбосо мамлекеттик органдагы штаттык кызмат орундарын кыскартуунун негизинде иштен бошотуудан тышкары) мамлекеттик органдын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт. Мамлекеттик органдын башка жерде жайгашкан ведомстволук же башка өзүнчө түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда ал түзүмдүк бөлүмдөрдөн мамлекеттик кызматчыларды бошотуу мамлекеттик органды жоюу учурунда колдонулган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызматта болушунун жаш курагынын чеги 65 жашты түзөт. | 31-статья. Мамлекеттик органдагы кызматты мамлекеттик органдын администрациясынын демилгеси боюнча токтотуу Мамлекеттик органдын демилгеси боюнча мамлекеттик кызматчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн: а) мамлекеттик орган кайра уюштурулганда же жоюлганда; б) ээлеген административдик мамлекеттик кызмат орду кыскарганда; в) мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызмат менен айкалышпаган кызмат ордуна шайланганда же дайындалганда; г) аттестациялоонун же квалификациялык сынактын натыйжасында тастыкталган мамлекеттик кызматчынын ээлеген кызмат ордуна жетиштүү квалификацияга ылайык келбестиги, ошондой эле сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөндө; д) мамлекеттик кызматчы тарабынан эмгек тартиби одоно бузулганда; - ишке келбей коюу (бир жумушчу күндө жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумуш ордунда болбой калуу); - кызмат кылган жеринде мүлктү уурдоо (анын ичинде катып алуу), жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бузуу; - ишке ичкилик ичип, баңгизат же башка токсиндик затты колдонуу менен мас абалында келүү; - мамлекеттик кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгаруу; - мамлекеттик кызматчы тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече курдай аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбай коюу, эгерде мурда ага тартип жазасы колдонулган болсо; - мыйзамда же кызматтык нускоолордо тике каралган учурлардан тышкары саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине катышуу; "Д-1) ЭМГЕК КЕЛИШИМИНДЕ КАРАЛГАН; е) мамлекеттик кызматчыга карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши; ж) ушул Мыйзамдын 10, 11-статьяларында каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары белгиленгенде; з) мамлекеттик кызматчы тарабынан мамлекеттик кызматка кирүүдө жалган документтерди же атайылап эле жалган маалыматтарды берүү; и) эгерде аткаруучу иши мамлекеттик сырга ээ болууну талап кылган болсо, мамлекеттик жашыруун сырга ээ болууну токтотуу; к) ротация иретинде которуудан баш тартуу; л) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу; м) ал мамлекеттик кызматта болуу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген жаш курагынын чегине жеткенде; н) ушул Мыйзам менен каралган мүлк жана кирешелер жөнүндө декларацияны тапшырбоо же декларациялоодой мүлк жана кирешесин атайылап жашырып коюу, болбосо чындыкка туура келбеген маалыматтарды берүү. Мамлекеттик органды кайра уюштуруу, жоюу же мамлекеттик органда административдик кызмат орундарын кыскартууга алып келе турган мамлекеттик органдын штаттык ырааттамасын өзгөртүү Агентствонун макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органды кайра уюштуруу же жоюу негиздери боюнча иштен бошотууга, болбосо мамлекеттик органдын штаттык кызмат ордун кыскартууга, эгерде мамлекеттик кызматчыны анын макулдугу менен башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, жол берилет. Мамлекеттик кызматчыны ал убактылуу ишке жараксыз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (мамлекеттик органды кайра уюштуруу же жоюу, болбосо мамлекеттик органдагы штаттык кызмат орундарын кыскартуунун негизинде иштен бошотуудан тышкары) мамлекеттик органдын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт. Мамлекеттик органдын башка жерде жайгашкан ведомстволук же башка өзүнчө түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда ал түзүмдүк бөлүмдөрдөн мамлекеттик кызматчыларды бошотуу мамлекеттик органды жоюу учурунда колдонулган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызматта болушунун жаш курагынын чеги 65 жашты түзөт. |
Министр
А.Алымкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы № 2096-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек…Постановление · 21.06.2012 · № 2096-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы № 2097-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек…Постановление · 21.06.2012 · № 2097-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-июнундагы № 2095-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Эмгек…Постановление · 21.06.2012 · № 2095-V · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-октябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (Чарба ичиндеги сугаттын экинчи долбоору үчүн…Постановление · 12.10.2011 · № 629
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон