Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясын жоюу боюнча комиссиянын курамын түзүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 19-январы № 15-б Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги жана башка мамлекеттик органдар жөнүндө" 2009-жылдын 26-октябрындагы № 426 Жарлыгынын 2 жана 3-пункттарын аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясын жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык төмөнкүдөй зарыл иш-чараларды жүргүзсүн:
- финансылык жана материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо боюнча;
- жоюу баланстарды белгиленген тартипте даярдасын;
- ишти токтотуу тууралуу каттоо үчүн документтердин зарыл болгон пакетин даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-пунктуна ылайык аталган органдардын кызматкерлерине алдыдагы иштен бошотуу жөнүндө эскертсин;
- аталган органдардын документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин архивине сактоого белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясынын мүлкү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 15-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн
улуттук борборун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык
жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын
ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы
аткаруу дирекциясын жоюу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык отчеттор жана ички аудит методологиясы башкармалыгынын мамлекеттик баланстар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборунун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборунун башкы бухгалтери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясынын башкы директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2001-2010-жылдары Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин алдындагы аткаруу дирекциясынын башкы бухгалтери.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 426 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча…Указ · 26.10.2009 · № 426 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон