Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
318-статья. Башка ишке которууда жана эмгек келишимин бузууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн кошумча кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды башка ишке которууга (МСЭКнын) корутундусу боюнча анын ден соолугу кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же ден соолугуна жана эмгектин коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, майыптуулук жүйөсү боюнча анын макулдугусуз башка ишке которууга жол берилбейт. Кызматкерлердин санын же штатты кыскартууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга эмгек өндүрүмдүүлүгү жана квалификациялары бирдей болгондо жумушта калтырууга артыкчылык берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегин пайдалануу үчүн арналган адистештирилген уюмдарда иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана квалификациясына карабастан жумушта калтырууга артыкчылык укугуна ээ. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен эмгек келишимин бузууга жол берилбейт (уюмдун жоюлгандыгына байланыштуу ушул Кодекстин 83-статьясынын 1-пункту, 3-пункттун "а" пунктчасы, 5-8, 10, 11-пункттары боюнча бошотулган учурларды кошпогондо).
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-318" title="318-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>