Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
380-берене. Мүлк салыгын эсептөө үчүн формула
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 48-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) турак жай мүлк объектине салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = (СБт х ССт х Ки) + (СБжу х ССжу х Ки),
мында: С - турак жай мүлк объектине салыктын суммасы; СБт - турак жай имаратынын, жайдын салыктык базасы; ССт - турак жай имаратына, жайга салыктын ставкасы; СБжу - үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогунун салыктык базасы; ССжу - үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна салыктын ставкасы; Ки - турак жай мүлк объектине салыкты эсептөөдө учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу инфляция коэффициенти, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурунку салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен мурунку жыл үчүн улуттук статистиканын расмий маалыматтарынын негизинде бекитилет. Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляция коэффициенти белгиленбесе, ал мурунку салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар деп кабыл алынат;
2) турак жай эмес мүлк объектине салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = (СБтэ х ССтэ х Кни х Ки) + (СБжу х ССжу х Кнжу х Ки),
мында: С - турак жай эмес мүлк объектине салыктын суммасы; СБтэ - турак жай эмес имараттын, жайдын, курулманын салыктык базасы; ССтэ - турак жай эмес имаратка, жайга, курулмага салыктын ставкасы; Ктэ - турак жай эмес имараттын, жайдын, курулманын функциялык багыттагы коэффициенти; СБжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин салыктык базасы; ССжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин салыгынын ставкасы; Кнжу - калктуу конуштардын жана айыл чарба эмес багытындагы жерлердин функциялык багыттагы коэффициенти; Ки - турак жай эмес мүлк объектине салыкты эсептөөдө учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу инфляция коэффициенти, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурунку салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен мурунку жыл үчүн улуттук статистиканын расмий маалыматтарынын негизинде бекитилет. Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляция коэффициенти белгиленбесе, ал мурунку салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар деп кабыл алынат;
3) айып чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна салыктын суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
С = СБ х СН х СС,
мында: С - айып чарба жерлерине таандык жер участогуна салыктын суммасы; СБ - айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун салыктык базасы; СН - айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун бир чарчы метрине салык наркы; СС - айыл чарба жерлерине таандык жер участогуна салыктын ставкасы. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 8 "Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2025 · № 8
- Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-марты № 12 “Курама айыл аймагындагы турак жайларга жана имараттарга мүлк салыктын ставкасын кабыл алуу жөнүндө” токтомуПостановление · 10.03.2025 · № 12
- Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-января №16 "2025-2027-жылдардагы салык мезгилинде колдонуу үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкасына…Постановление · 29.01.2025 · № 16
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы № 21/III-29 "Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2025 · № 21/III-29
- Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 19/III-29 "Кант шаарынын аймагындагы турак жайларга жана имараттарга салык чендерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 19/III-29
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-380" title="380-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>