Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
401-берене. Айыл чарба жерлерине мүлк салыгын эсептөө
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 52-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участокторуна мүлк салыгын эсептөө үчүн салыктык база жер участогунун укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн аянты катары аныкталат.
2. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы БСН, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, участоктун багытына жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
| Облустарда жана райондордун аталышы | Базалык салык наркы (сом/чарчы метр) | ||||
| Сугат айдоо жери | Кайрак айдоо жер | Көп жылдык өсүмдүктөр | Чабындылар | Жайыттар, кысыр аңыздар | |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| Баткен облусу | |||||
| Баткен району | 402 | 61,95 | 223,5 | - | 11,55 |
| Лейлек району | 402 | 61,95 | 223,5 | 36,45 | 11,55 |
| Кадамжай району | 412,5 | 61,95 | 225 | 36,45 | 19,05 |
| Жалал-Абад облусу | |||||
| Аксы району | 459 | 85,05 | 289,5 | 23,85 | 20,4 |
| Ала-Бука району | 459 | 61,95 | 306 | 33,75 | 14,85 |
| Базар-Коргон району | 621 | 61,95 | 330 | 46,35 | 23,1 |
| Ноокен району | 621 | 61,95 | 289,5 | 36,6 | 23,1 |
| Сузак району | 621 | 61,95 | 330 | 46,35 | 23,1 |
| Тогуз-Торо району | 334,5 | 93,45 | - | 49,5 | 19,35 |
| Токтогул району | 358,5 | 93,45 | 301,5 | 45,6 | 19,35 |
| Чаткал району | 291 | 93,45 | - | 39,75 | 19,35 |
| Ысык-Көл облусу | |||||
| Ак-Суу району | 559,5 | 131,25 | 259,5 | 45,6 | 15,9 |
| Жети-Өгүз району | 457,5 | 112,35 | 252 | 35,7 | 11,55 |
| Ысык-Көл району | 420 | 102,9 | 232,5 | 35,7 | 11,55 |
| Тон району | 354 | 58,8 | 178,5 | 30,6 | 10,65 |
| Түп району | 568,5 | 131,25 | 261 | 43,65 | 22,5 |
| Нарын облусу | |||||
| Ак-Талаа району | 307,5 | 55,5 | - | 37,65 | 6,75 |
| Ат-Башы району | 286,5 | 81,45 | - | 32,55 | 6,75 |
| Жумгал району | 294 | 55,5 | - | 37,65 | 6,75 |
| Кочкор району | 322,5 | 55,5 | - | 37,65 | 6,75 |
| Нарын району | 294 | 81,45 | - | 31,65 | 7,95 |
| Ош облусу | |||||
| Алай району | 348 | 93,45 | - | 41,55 | 7,95 |
| Араван району | 654 | 61,95 | 339 | 22,8 | 19,05 |
| Кара-Кулжа району | 348 | 93,45 | 175,5 | 41,55 | 7,95 |
| Кара-Суу району | 679,5 | 61,95 | 369 | 41,85 | 18 |
| Ноокат району | 619,5 | 93,45 | 349,5 | 41,7 | 19,05 |
| Өзгөн району | 619,5 | 93,45 | 352,5 | 50,55 | 20,85 |
| Чоң-Алай району | 274,5 | - | - | 31,65 | 8,25 |
| Талас облусу | |||||
| Бакай-Ата району | 477 | 78,75 | 246 | - | 11,1 |
| Айтматов району | 525 | 54,6 | 247,5 | 16,8 | 7,2 |
| Манас району | 496,5 | 54,6 | 249 | 16,8 | 7,2 |
| Талас району | 445,5 | 78,75 | 246 | 16,5 | 7,2 |
| Чүй облусу | |||||
| Аламүдүн району | 600 | 84,75 | 313,5 | 34,65 | 16,2 |
| Жайыл району | |||||
| 1) Чүй зонасы | 493,5 | 101,85 | 319,5 | 30,6 | 16,2 |
| 2) Суусамыр зонасы | 283,5 | 51,75 | - | 16,95 | 15 |
| Ысык- Ата району | 600 | 111,3 | 319,5 | 44,55 | 16,2 |
| Кемин району | 531 | 120,75 | 316,5 | 44,55 | 16,2 |
| Москва району | 588 | 100,8 | 322,5 | 44,55 | 11,7 |
| Панфилов району | 543 | 100,8 | 322,5 | 34,65 | 11,7 |
| Сокулук району | 610,5 | 100,8 | 316,5 | 20,85 | 11,7 |
| Чүй району | 600 | 112,35 | 316,5 | 48,6 | 16,2 |
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Шаардын же калктуу конуштун аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, мындай шаар же калктуу конуш жайгашкан административдик район үчүн колдонулуучу базалык салык нарктын өлчөмүндө аныкталат.
4. Көлмөнүн бир чарчы метринин базалык салыктык наркы көлмө жайгашкан административдик райондун сугат айдоо жери үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган базалык салыктык нарктын өлчөмүндө аныкталат.
5. Насостук станциялар менен сугарылуучу жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, тийиштүү административдик райондун кайрак айдоо жерлери үчүн базалык салыктык наркынын өлчөмүндө белгиленет.
6. Айыл чарба максаттары үчүн ижарага берилген токой фондунун жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тиешелүү административдик райондун айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктык наркына теңдештирилет.
Ушул бөлүктүн максатында токой фондунун жерлеринин категориялары тиешелүү түрдө айыл чарба жерлеринин төмөнкү категорияларына теңдештирилет:
| Айыл чарба жерлери | Токой фондунун жерлери |
| Айдоо сугат жерлери | Плантациялар, питомниктер |
| Кайрак айдоо жерлери | Жыштыкты түзбөгөн токой жерлер, кыюу жерлери, өрт алган жерлер, сейрек дарактуу жерлер, ачык жер аянтчалары, ээн жерлер |
| Көп жылдык өсүмдүктөр | Токой өсүмдүктөрү каптаган жерлер |
| Чабындылар | Токой эмес жерлер |
7. Учурдагы салык мезгилинде айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
8. Учурдагы салыктык мезгилге инфляциянын коэффициенти белгиленбеген учурларда, ал мурунку салыктык мезгилде колдонулган коэффициентке барабар болуп кабыл алынат.
9. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна же анын бөлүгүнө мүлк салыгынын суммасы ушул Кодекстин 380-беренесинде каралган формула боюнча аныкталат.
(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-401" title="401-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>