Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №21/III-29 Турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин кезекти сессиясында Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январяндагы №008/73 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жɵнүндɵ Мыйзамынын 4-беренесинин 14 пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380-беренелерине киргизилген ɵзгɵртүүлɵргɵ ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагы боюнча 2025-2027-жылдардын салык мезгилинде колдонуу үчүн турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасы 16,83 сом бекитилсин
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3