Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
381-берене. Эсептөө тартиби
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 49-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, мүлк салыгын эсептөө салык органдары тарабынан ушул бөлүмдө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
2. Төмөнкүлөргө карата мүлк салыгынын суммасын эсептөө милдети салык органына жүктөлөт:
1) төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча мүлктүн турак жай объекттерине:
- турак жай имараты, жай;
- ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу;
2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъекттерге таандык (пайдалануусунда турган) турак жай эмес объекттерин пайдаланууга (ижарага) берилген мүлктөрдү кошпогондо, төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча турак жай эмес мүлк объекттерине:
- турак жай эмес имарат, жай жана курулма, анын ичинде базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма;
- калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер;
3) айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участокторуна - алардын жайгашкан жери боюнча.
3. Базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан турак жай эмес мүлк объектине - турак жай эмес курулмага салык органдары тарабынан салыкты эсептөө базардын/кичи базардын ээси (дирекциясы) тарабынан учурдагы жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө берилүүчү маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.
Маалыматтарды берүү формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
4. Салык төлөөчүдө бирден ашык турак жай имаратынын объекти, жайы болгон учурда турак жай мүлк объектине салыкты эсептөөдө салык органы жеңилдикти колдонууга укуктуу:
1) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң көп өлчөмү менен турак жай имаратына, жайга карата;
2) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнүн 1 -пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң чоң өлчөмү менен бир турак жай имаратына, жайга карата.
Эгерде ушул объекттин салыктык базасы ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдиктер колдонулгандан кийин нөлдүк же терс мааниге ээ болсо, анда ушул Кодекстин 409-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдик салыктын эсептелген суммасынын экинчи эң чоң өлчөмү менен салык салынуучу турак жай имаратына, жайга карата колдонулат;
3) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эки же андан көп турак жай мүлк объекттерине салыктын эсептелген суммасы бирдей көп мааниге ээ болгон учурларда жеңилдик берилүүгө тийиш болгон мүлк объекттеринин кайсынысына болбосун карата.
5. Салык органынын мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү салык төлөөчүгө тапшырылат:
- турак жай мүлк объектине - учурдагы салык мезгилинин 1-августунан кечиктирбестен;
- айыл чарба жерлерине таандык жер участогуна, ошондой эле базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулмаларды кошуп алганда, турак жай эмес мүлк объектине - учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан кечиктирбестен.
6. Эгерде турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-августунан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын билдирүүсү учурдагы салык мезгилинин 15-декабрынан кечиктирбестен тапшырылат.
Эгерде турак жай эмес мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын билдирүүсү учурдагы салык мезгилинин тиешелүү кварталынын үчүнчү айынын 15инен кечиктирбестен тапшырылат.
7. Салык органынын мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) салык органынын реквизиттерин;
2) салык төлөөчүнүн реквизиттерин;
3) салыкты эсептөө үчүн негизди;
4) салыктык базанын өлчөмүн жана эсептелген салыктын суммасын;
5) салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн.
8. Эгерде салык төлөөчү ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө салык органынын билдирүүсүн албаса, салык төлөөчү мүлк салыгынын суммасын өз алдынча эсептөөгө жана төлөөгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-381" title="381-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>