Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
397-берене. Турак жай эмес мүлк объектине салыкты эсептөө
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 51-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Ушул беренеге ылайык турак жай эмес мүлк объектине салыкты эсептөө тартиби төмөнкүлөргө колдонулат:
1) турак жай эмес имаратка, курулмага же жайга, турак жай имаратына же жайга же анын ишкердик максаттарда пайдаланылган бөлүгүнө, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан турак жай имаратына, курулмага же жайга;
2) калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба эмес багытындагы жерлерге.
2. Турак жай эмес мүлк объектине салыкты эсептөө үчүн салыктык база төмөнкүдөй аныкталат:
1) турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, турак жай имараттары, жайлар, курулмалар же алардын ишкердик максаттарда пайдаланылган бөлүгү, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан имараттар, жайлар, курулмалар үчүн - салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн, ишкердик иш үчүн пайдаланылган жана/же бөлүнгөн жана/же пайдаланууга арналган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү мекемелик, административдик, соода, кампалык, өндүрүштүк, маданий-тиричилик, кызматтык жана башка жайлардын ички ченөө боюнча жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде;
2) калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн - укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты катары.
3. Турак жай эмес имараттын, жайдын жана курулманын функциялык багытынын коэффициенти (Кн) ушул Кодекстин 377-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн функциялык багытына жараша белгиленет:
| Объекттин функциялык багыты | Турак жай эмес имараттын, жайдын, курулманын функциялык багытынын коэффициенти |
| Ломбарддар, алмаштыруу пункттары | 1,6 |
| Курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелердин аймагында жайгашкан турак жай имараттар жана жайлар | 1,5 |
| Май куюучу станциялар | 1,6 |
| Кичи базарлар, базарлар, соода-базар борборлору, комплекстери, соода борборлору | 1 |
| Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мүлк объекттери | 0,8 |
| Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары | 0,7 |
| Административдик, кеңсе имараттары, бизнес-борборлор, банктар, ошондой эле капиталдык курулуштар же коммерциялык эмес уюмдардын жайлары | 0,6 |
| Транспорт ишканаларынын, автосервис, байланыш жана энергетика ишканаларынын мүлк объекттери | 0,5 |
| Коргонуу-спорттук-техникалык мүлк объекттери | 0,3 |
| Айып чарба өндүрүштүк имараттар | 0,3 |
| Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар | 0,8 |
| Өнөр жай, курулуш мүлк объекттери | 0,2 |
| Оюн-зоок жайлары | 2,2 |
Ушул беренеде коэффициенти белгиленбеген турак жай эмес имараттар, жайлар жана курулмалар үчүн функциялык багыттын коэффициенти 1,0 барабар деп кабыл алынат.
4. Функциялык багыттын коэффициенти (Кн) ушул Кодекстин 377-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен аны берүүдө аныкталган, укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун багытына жараша белгиленет:
| Объекттин функциялык багыты | Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин функциялык багытынын коэффициенти |
| Дүкөндөрдүн имараттары, күркөлөр, ларектор, павильондор жана башка соода объекттери үчүн аянттарына жараша: | |
| 1) 10 ч.м чейин | 22,5 |
| 2) 10дон 20 ч.м чейин | 16,5 |
| 3) 20дан 35 ч.м чейин | 10,5 |
| 4) 35тен 50 ч.м чейин | 7,5 |
| 5) 50 жана андан жогору ч.м | 6,0 |
| Жаныбарларды, канаттууларды, айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттарды сатууга арналган базарларды кошпогондо, кичи базарлар, базарлар, соода борборлору, комплекстери үчүн | 7,5 |
| Жаныбарларды, канаттууларды, айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттарды сатууга арналган базарлар үчүн | 4,5 |
| Коомдук тамактанууну уюштурууга арналган имараттар жана жайлар үчүн | 3,0 |
| Мейманкана иши үчүн имараттар жана жайлар үчүн | 7,0 |
| Банктардын, ломбарддардын, акча алмашуу жайларынын имараттары үчүн | 5,0 |
| Күнү-түнү/түнкү көңүл ачуучу мекемелердин имараттары жана жайлары үчүн | 7,0 |
| Кеңселери менен бизнес-борборлордун, биржалардын имараттары үчүн | 2,5 |
| Авто май куюучу станциялардын имараттары жана курулмалары үчүн | 10,0 |
| Мунай базалардын имараттары жана курулмалары үчүн | 1,5 |
| Жеңил жана жүк ташуучу автотранспорт токтотуучу акы төлөнүүчү жайлар, автосервистин имараттары, жайлары жана курулмалары үчүн | 4,5 |
| Жарнама курулмалары үчүн | 50 |
| Ушул бөлүктө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, эс алуу жана көңүл ачуу, ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, жеке кызмат көрсөтүү чөйрөсү үчүн арналган имараттар, жайлар жана курулмалар үчүн | 1,5 |
| Ушул бөлүктө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика, эркин экономикалык зоналардын аймактарынын имараттары, жайлары жана курулмалары үчүн | 0,5 |
| Кен казуу ишканаларынын имараттары, жайлары жана курулмалары үчүн, автомобиль жана темир жол транспортунун жүк ташуучу станциялары, транспорттук-логистикалык борборлор, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык-коргоо зоналары үчүн | 0,3 |
| Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, дене тарбия-спорт, спорт мекемелеринин имараттары, жайлары жана курулмалары үчүн | 0,3 |
| Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар, жайлар жана курулмалар: гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарба багытындагы башка объекттер үчүн | 0,2 |
| Кен чыккан жерди, карьерлерди, шахталарды, разрездерди, күл төгүүчү жайларды иштетүү үчүн | 0,05 |
| Байланыш жана электр өткөргүч аба линиялары, коргонуу-спорттук-техникалык уюмдар үчүн | 0,01 |
| Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн | 0,005 |
| Ушул бөлүктө көрсөтүлбөгөн иштин түрлөрүнө административдик имараттар үчүн | 1,0 |
| Айыл чарба кооперативине жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборго менчик укугунда таандык болгон жана алардын негизги ишинин максатында пайдаланылган имараттар жана курулмалар үчүн | 0,1 |
Ушул беренеде коэффициент белгиленбеген калктуу конуштардын жер участоктору жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору үчүн функциялык багыттын коэффициенти 1,0гө барабар деп кабыл алынат.
5. Турак эмес мүлк объектине мүлк салыгынын суммасы ушул Кодекстин 380-беренесинде каралган формула боюнча аныкталат.
(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 397-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы № 1 "Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2023 · № 1
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-397" title="397-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>