Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 236 "О мерах по реализации требований норм Налогового кодекса Кыргызской Республики, а также норм приложения 18 к Договору о Евразийском экономическом союзе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 19-октябры №653 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 169 токтомдун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Салык салуу объекттери болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "324," деген сан алып салынсын;
- 1-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- аталган токтом менен бекитилген Салык салуу объекти болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 токтому менен бекитилген
Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин ТИЗМЕСИ (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 169 токтомдун редакциясына ылайык)
| № | Мүлк объекттери |
|---|---|
| 1 | Гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, от казан жана гидротехникалык курулмалардын объекттери |
| 1.1 | Плотиналар, тоннелдер, шахталар, суу агызгычтар, суу кабылдагычтар, коллекторлор, суу тундургучтар жана суу өткөрүүчү курулмалар, күл жыйнагычтар, кычкылтек станциялары, химиялык суу тазалоо объекттери жана гидро жана жылуулук энергетика комплексинин башка объекттери |
| 1.2 | Жээкти бекемдөөчү жана жээкти коргоочу курулмалар |
| 1.3 | Ички чарбалык, чарбалар аралык сугат тармактары жана суу түтүк канализациялык чарба курулмалары: |
| - каналдар, ачык жер каналдарынан ички чарбалык жана чарбалар аралык суу топтоп-кое берүүчү тармактар; - жерге бекемделбеген ички чарбалык жана чарбалар аралык коллектордук-дренаждык каналдар; - темир-бетон ноолордон турган каналдар; - асбест-цемент жана болот түтүктөрдөн турган каналдар; - стационардык суу алуучу жана сууну басым менен жиберүүчү станциялар, резервуарлар; - дамбалар, сууну соруп берүүчү насос станциялары; - тазалоо курулмалары; - скважиналар | |
| 1.4 | Гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын, от казандардын негизи жана көмөкчү өндүрүшүнүн конструкциялары жана курулмалары, гидротехникалык курулмалар |
| 1.5 | Жылуулук пункттары (жылуулук менен жабдуу системаларынын ишин жана керектөөчүлөрдүн жашоо-турмушун камсыздоочу жылуулук булактарын трансформациялоочу жана параметрлерди өлчөөчү технологиялык жабдуулар жайгашкан жайлар, курулмалар) жана жылуулук тармактарынын насос станциялары |
| 2 | Транспорт чарбасынын, байланыш жана башка тармактардын курулмалары |
| 2.1 | Бардык түрдөгү жана конструкциядагы көпүрөлөр жана эстакадалар |
| 2.2 | Таштан, бетондон жана темир-бетондон жасалган колдоочу жана коргоочу курулмалар (жер көчкүгө каршы, кар көчкүгө каршы, жердин урашына каршы, тирөөчү, каптоочу, тосулуучу дубалдар, галереялар, сел кое бергичтер, траншеялардын текчелери ж.б.) |
| 2.3 | Темир жол платформалары |
| 2.4 | Темир жолдордун нугунун үстүңкү курулуштары (балласт, шпалдар, бекиткичи бар рельстер, которгуч жебелер жана башка элементтер) |
| 2.5 | Ичке нуктагы темир жолдор |
| 2.6 | Автомобиль жолдору |
| 2.7 | Учуп-конуучу тилкелер, аэродромдордун үстүңкү бети |
| 2.8 | Самолет учуучу жолдор, токтоп туруучу жерлер, перрондук жана ангардын алдындагы аянтчалар |
| 2.9 | Авиациялык-техникалык базанын перронунда аба кемелерин тейлөөчү жерлер |
| 3 | Спорттук курулмалар |
| 3.1 | Стадиондор |
| 3.2 | Стадиондордогу спорттук курулмалар |
| 4 | Электр берүү жана байланыш жабдуулары |
| 4.1 | Троллейбус жана темир жол контакттык тармагы |
| 4.2 | Аба менен электр берүү линиялары, сырткы жарык берүүчү электр линиялары |
| 4.3 | Кабель менен электр берүү линиялары |
| 4.4 | Электр бөлүштүрүүчү жабдуулар |
| 5 | Түтүк өткөргүчтөр |
| 5.1 | (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 169 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту) |
| 5.2 | Канализация тармактары |
| 5.3 | Суу өткөрүү тармактары (муздак, жылуу суу жана жылытуу түтүк өткөргүчтөрү) |
| 5.4 | Мунай заттары үчүн түтүк өткөргүчтөр |
| 5.5 | От казандар, элеватор түйүндөрү |
| 5.6 | Жылуулук тармагынын түтүк түйүндөрү |
| 5.7 | Күл калдык түтүктөрү |
| 5.8 | Түтүн түтүктөрү |
| 6 | Башка обьекттер |
| 6.1 | Бомбадан жашынуучу жай |
| 6.2 | Көмүр тоңун эритүүчү жабдуулар жана вагонды которуп түшүргүчтөр |
| 6.3 | 2- жана 3-топтордун мүлк объекттери: |
| - коруктар, резерваторлор, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктар, ботаникалык жана зоологиялык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, тарыхий-маданий багыттагы, суу жана токой фондуларынын объекттери, ишкердик жүргүзүү үчүн берилгендерден башкасы | |
| 6.4 | Көрүстөндөр |
| 6.5 | Диний-табынуу объекттери |
| 6.6 | Жаратылышты коргоо, санитардык-тазалоо максатында жана өрт коопсуздугу үчүн пайдаланылуучу обьекттер |
| 6.7 | Продукт өткөргүч түтүктөр, катнаш жолдору (анын ичинде автомобиль жолдору), байланыш жана электр берүү линиялары, подстанциялар, ошондой эле аларды эксплуатациялык абалда кармап туруу максатында тургузулган курулмалар |
| 6.8 | Шаардык жүргүнчүлөр транспорту (таксиден, аны ичинде маршруттук таксиден тышкары). Шаар четиндеги каттамда жүргүнчүлөрдү ташууда жалпы пайдаланылган автомобиль транспорту (таксиден, аны ичинде маршруттук таксиден тышкары) |
| 6.9 | Коммуналдык транспорт (таштанды ташыгыч, суу сепкич жана кар тазалагыч машиналар) |
| 6.10 | Эгин жыйноочу комбайндар |
| 6.11 | Лифттер |
| 6.12 | Салык төлөөчүлөрдүн балансында турган жана ишкердикте пайдаланылбаган жарандык коргонуу жана мобилизациялык максаттагы объекттер |
| 6.13 | Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн (дыйканчылык, малчылык, балыкчылык, балык өстүрүүчүлүк, канаттууларды өстүрүү) 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери |
| 6.14 | Электр-жылуулук, телекоммуникациялар түйүндөрүндө изин суутпай издөө иш-чаралар системасынын техникалык каражаттары |
| 6.15 | Жалпы жарандык багыттагы турак жай-коммуналдык жана башка шаардык чарба объекттери (шаардык тротуарлар, парктар, шаардык скверлер, фонтандар) |
| 6.16 | Менчик турак үйгө үлүшүк укугу бар шериктештик жана турак-жай кооперативинин мүлк объекттери |
7
Газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилери
7.1
газ бөлүштүрүүчү станциялар
7.2
газ өткөргүчтөр
7.3
газ жүргүчтөр
7.4
жер алдындагы газ сактагычтар жана чыгаруучу компрессордук станциялар
7.5
компрессордук станциялар
7.6
компрессордук станцияларды магистралдык газ түтүктөрүнө кошуучу түйүндөр
7.7
газ түтүктөрүн электрохимиялык коргоочу түзүлүштөр
7.8
газ түтүктөрүнүн тазалоочу түзүлүштөрүн кабыл алуучу жана ишке киргизүүчү түйүндөр
7.9
газды редукциялоо түйүндөрү
7.10
газды өлчөө түйүндөрү
7.11
газ бөлүштүрүүчү станциялардын жана газ өлчөөчү түйүндөрдүн операторлорунун үйлөрү
7.12
газ өткөргүчтөрдү линиялык кыдыруучулардын үйлөрү
7.13
газды жөнгө салуучу пункттар
7.14
автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар
7.15
газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү тутумдардын объектилерине кирме жолдор
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 169 токтомдун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №236 токтомуПостановление · 30.04.2022 · № 236
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын…Постановление · 30.03.2015 · № 169 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги…Постановление · 30.04.2022 · № 236
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-октябрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын…Постановление · 30.03.2015 · № 169 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон