Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
316-берене. Эсепке алууга жатпаган сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 40-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС төмөнкү учурларда сатып алынган материалдык ресурстарга карата эсепке алууга жатпайт:
1) салык салынуучу берүүлөрдү түзүүгө эмес;
2) геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштери үчүн тийиштүү лицензиянын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде;
3) оюн-зоок жана бош убакыт чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн КНС төлөөчү тарабынан сатылып алынгандарды кошпогондо, эс алууну, оюн-зоокту уюштуруу максатында.
2. Сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС төмөнкү учурларда эсепке алууга жатпайт:
1) эгерде мындай КНС ушул Кодекстин жоболорун бузуу менен эсепке алынса;
2) табигый азаюу ченеминен ашкан жоготулган материалдык ресурстар боюнча;
3) жараксыз эсеп-фактура боюнча;
4) бардык милдеттүү реквизиттери толтурулбаган эсеп-фактура боюнча;
5) импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына транспорттук чыгымдарды, камсыздандырууну, акциз салыгын, бажы төлөмдөрүн эске алуу менен кошуп эсептелүүчү КНСтин суммасынан бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркка кошуп эсептелген КНСтин ашыкча суммасына.
6) акциз салыгын эске алуу менен импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына кошуп эсептелүүчү КНСтин суммасынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркка кошуп эсептелген КНСтин ашыкча суммасына.
Эгер ушул Кодексте башкача каралбаса, фактуралык нарк - эсеп-фактурасында же инвойсто көрсөтүлгөн товардын наркы.
3. Эсепке алынууга жатпаган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо материалдык ресурстардын эсептик наркына киргизилет.
4. Эгерде КНС төлөөчү ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонсо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынууга жатпайт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай түрдө жана/же товар алмашуу (бартердик) операциясы боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…материалдык ресурстар боюнча;
3) жараксыз эсеп-фактура боюнча;
4) алынып салынды: эсеп-фактуранын белгиленген формасында каралган бардык кошулду: милдеттүү реквизиттери толтурулбаган эсеп-фактура алынып салынды: боюнча.
кошулду: боюнча;
5) импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына … № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 185 кошулду: 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 27.06.2019 · № 317 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-316" title="316-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>