Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-берене. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемеси
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Туруктуу мекеме персоналды туруктуу негизде тартуу менен иштин туруктуу ордун билдирет, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк уюмдун ишкердик иши толук же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат (мындан ары - резидент эмес).
2. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө, атап айтканда, төмөнкүлөр камтылат:
1) башкаруу орду;
2) бөлүм;
3) контора;
4) фабрика;
5) ɵнɵркана;
6) шахта, нефть же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстарын алуунун башка кандай болбосун орду;
7) жер участогу;
8) курулуш аянтчасы же курулуш, монтаждоо же чогултуу объекти же тиешелүү иштерди аткарууну байкоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай аянтча же объект кандай болбосун 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде болсо же мындай кызмат көрсөтүүлөр 183 же андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;
9) жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу түзүлүштөр же курулмалар же ушундай иштерди аткарууну байкоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, же болбосо жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу бургулоо түзүлүшү же кеме, эгерде аларды ушундайча пайдалануу кандай болбосун 12 айлык мезгилдин ичинде 183 жана андан ашуун календардык күнгө созулса же мындай кызмат көрсөтүүлөр 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;
10) резидент эмес жалдаган персонал аркылуу резидент эместин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөр, эгерде персонал Кыргыз Республикасынын аймагында мындай иш-аракетти кандай болбосун 12 айлык мезгилдин ичинде 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырса;
11) Кыргыз Республикасында көз каранды агент аркылуу ишкердик ишти жүзөгө ашырса.
Ушул берененин максаттары үчүн көз каранды агент болуп бир учурда төмөнкүдөй шарттарга ылайык келген уюм же жеке жак таанылат:
а) келишимдик мамилелердин негизинде Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк уюмдун кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, мындай уюмдун атынан жана эсебинен аракеттенүүгө жана/же белгилүү бир юридикалык аракеттерди аткарууга, анын ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү келишимдерин түзүүгө, мындай уюмга тиешелүү болгон мүлккө менчик же пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө ыйгарым укуктуу;
б) чет өлкөлүк уюмдан алынган сый акысынын суммасы пайда салыгы боюнча салыктык мезгил үчүн түшкөн каражаттан 75 пайыздан ашат;
в) иши ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунда саналган иштин түрлөрү менен чектелбейт;
12) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк уюм тарабынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды сатуу;
13) Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонуунун негизинде электрондук түрдө кызмат көрсөтүү.
3. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө төмөнкүлөр камтылбайт:
1) курулмаларды резидент эмеске таандык товарларды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана пайдалануу;
2) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана кармап туруу;
3) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын башка уюмдар же жеке жактар тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармап туруу;
4) товарларды сатып алуу максатында же болбосо маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана/же жайылтуу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, маркетинг, жарнама же чет өлкөлүк уюм тарабынан сатылуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногун иликтөө үчүн гана иштин туруктуу ордун кармоо, эгерде мындай иш ошол уюмдун негизги (кадимки) иши болуп саналбаса;
41) эгерде контракттарга кол коюу резидент эместин жазуу жүзүндөгү деталдуу нускамаларына ылайык жүргүзүлсө, ошол уюмдун атынан контракттарга жөнөкөй кол коюу максатында гана иштин туруктуу ордун кармап туруу;
5) даярдоо же көмөкчү мүнөздөгү кандай болбосун башка ишти резидент эмес тарабынан жүргүзүү максатында гана иштин туруктуу ордун кармап туруу.
Ушул пункттун максаттарында:
- даярдоо мүнөзүндөгү иш деп негизги ишти жүргүзүү, анын ичинде рынокту иликтөө, уруксат берүүчү мүнөздөгү документтерди алуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, продукцияны сертификациялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш даярдоо мүнөзүндөгү иш деп түшүнүлөт;
- көмөкчү мүнөздөгү иш деп мындай иштин натыйжасында чыгарылуучу продукция резидент эмес тарабынан дайыма орто аралыкта пайдалануу үчүн багытталгандыгы ал үчүн негизги критерий болуп саналган резидент эместин негизги ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында резидент эместин филиалынын/өкүлчүлүгүнүн ишинин алкагындагы иш түшүнүлөт;
6) ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында саналган иштин түрлөрүн ар кандай комбинациялоону ишке ашыруу үчүн гана, иштин туруктуу ордунун мындай комбинациялоонун натыйжасында келип чыгуучу туруктуу орундагы жалпы ишти даярдоо жана көмөктөшүү мүнөзүндө болгон шартта, иштин туруктуу ордун кармап туруу;
7) агент аркылуу Кыргыз Республикасында экономикалык ишти жүргүзүү, мындай жактар өзүнүн адаттагы ишинин алкагында аракеттенген шартта;
8) чет өлкөлүк уюмдун акцияларга же ата мекендик уюмга катышуу үлүшүнө ээлик кылуусу;
9) ишке ашыруу жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүү, эгерде мындай биргелешкен иштин салыктык эсепке алуусун Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү жүзөгө ашырса;
10) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мүлккө карата Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү;
11) чет өлкөлүк уюм көз карандысыз агент аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашыруусу, мындай агент өзүнүн кадимки ишинин алкагында аракеттенген шартта.
12) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасында катталган мындай филиалды (өкүлчүлүктү) уюштурган чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине акча каражаттарын алуу жана которуу.
4. Чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышын же IP-дарегин колдонбостон Кыргыз Республикасынын резиденттери - сатып алуучу-жеке жактардын дарегине Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду катары таанылган электрондук түрдөгү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле товарларды электрондук сатууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасында бул уюмдун туруктуу мекемесин түзүүгө алып келбейт.
5. Чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемеси ушул Кодекске ылайык салыктык катталууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүнөзүндөгү иш деп түшүнүлөт;
- көмөкчү мүнөздөгү иш деп мындай алынып салынды: филиалды/өкүлчүлүктү түзгөн чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине жүргүзүлүүчү транзакцияларды кошпогондо, мындай иштин натыйжасында чыгарылуучу продукция резидент эмес тарабынан … № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 185 кошулду: 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 29 мая 2020 года №9 «О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 41 · № 9 токтомго өзгөртүү киргизет
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 15 июля 2025 года №21 О внесении изменений в постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 29 мая…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 15.07.2025 · № 21 · № 9 токтомго өзгөртүү киргизет
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмдан алынган чет өлкөлүк валютаны эсепке алуу тартиби(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Порядок · 11.03.2022 · № 125
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 29 мая 2020 года №9 «О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 41
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 15 июля 2025 года №21 О внесении изменений в постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 29 мая…Постановление Пленума Верховного суда · 15.07.2025 · № 21
- Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтому менен бекитилди)Постановление · 04.03.2022 · № 106 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>