Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 мая 2023 года № 281 "О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О мерах по реализации требований статей 109-115, 255, 256 Налогового кодекса Кыргызской Республики» от 4 марта 2022 года № 106» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-29.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомуна)
Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо жана каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кошумча нарк салыгы боюнча төлөөчүлөрдү каттоо, каттоосун жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Ушул Жобонун талаптары экономикалык иш жүргүзүүчү жана бюджетке кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөө боюнча салыктык милдеттенмеси пайда болгон бардык субъекттерге карата колдонулат.
2. КНС боюнча каттоо тартиби
4. КНС боюнча төлөөчүнү каттоо субъекттин салыктык каттоосунун орду боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген формага ылайык КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө берилген арызынын негизинде жүргүзүлөт.
5. Төмөнкү субъекттер КНС төлөөчүлөр катары катталууга тийиш:
1) ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана жалпы салык режимине ылайык салык төлөөчү;
2) Кыргыз Республикасында Салык кодексинин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук формада кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдар;
3) түшкөн акчасынын көлөмү катары менен 12 календардык ай ичинде же болбосо катары менен 12 календардык айга жетпеген мезгил ичинде 30000000 сом суммасынан ашык болгон, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыктарды төлөгөндөр.
6. Жалпы салык режиминде салык төлөгөн субъект салыктык каттоодон өтүү менен бир эле убакта КНС төлөөчү катары каттоо тууралуу арыз бериши керек.
Субъектти КНС төлөөчү катары каттоо, аны салыктык каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыктарды төлөгөн субъект түшкөн акчасынын көлөмү катары менен 12 календардык ай ичинде же болбосо катары менен 12 календардык айга жетпеген мезгил ичинде 30000000 сом суммасынан ашык болгон мезгилдин бүтүшү менен бир айдын ичинде КНС төлөөчү катары каттоо тууралуу арыз берүүгө милдеттүү.
КНС боюнча каттоо субъект КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө арызын берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет. КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берилбеген же өз убагында берилбеген учурда субъект КНС төлөөчү катары катталууга милдетүү болгон айдын биринчи күнүнөн тартып КНС төлөөчү катары катталган болуп эсептелет.
8. Салык төлөөчүнү КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан аны КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечим чыгаруу жолу менен ишке ашырылат.
9. Салык органы КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө арызды салык төлөөчү арызды берген күндөн баштап 3 жумуш күндүн ичинде карайт, аны каттоо же себебин көрсөтүү менен каттоодон баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим чыгарат.
10. КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечими эки нускада таризделет, жетекчинин колу жана салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана каттоо жөнүндө чечимди берүү журналына жазып, салык төлөөчүнүн же анын салыктык өкүлүнүн колун койдуруу менен берилет.
3. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тартиби
11. КНС боюнча каттоону жокко чыгарууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) түшкөн акчасынын көлөмү катары менен акыркы 12 ай ичинде 30000000 сом суммасынан ашпаган жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү тарабынан бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышы;
2) уюмдун жоюлушуна байланыштуу иштин токтотулушу же жеке ишкердин ишинин токтотулушу;
3) атайын администратордун арызы боюнча салык салынуучу субъекттин банкроттук процессин козгоо;
4) товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө салык төлөөчү тарабынан чечимдин кабыл алынышы.
12. Бул Жобонун 11-пунктунда каралган учурларда КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн салык төлөөчү же атайын администратор салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча арызды;
2) эгерде 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып катталса, анда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечимди;
3) 2016-жылдын 7-ноябрына чейин катталса, анда КНС боюнча каттоо документин;
4) КНС боюнча акыркы салык отчетун.
13. Арызда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруунун себептерин көрсөтөт.
Мында атайын администратор банкротто жол-жобосу башталган күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде, ушул режим колдонулган күндөн тартып 5 күндүн ичинде товарларды импорттоого КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон салык төлөөчү арыз бериши керек.
14. Эгерде КНС боюнча каттоо документи жана/же салык төлөөчүнү КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечими жоголуп кетсе, анда салык төлөөчү же атайын администратор салык органына алардын жоголгону жана аларды жараксыз деп эсептөө тууралуу расмий басма сөзгө жарыяланган кулактандырууну көрсөтөт.
15. Ушул Жобонун 11-пунктунда каралган учурда салык кызматынын органы тарабынан КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу же себебин көрсөтүү менен КНС боюнча каттоону жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат жана ал салык төлөөчүнүн өз колуна тапшырылат же заказ кат менен почта аркылуу жиберилет.
16. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимдин негизинде салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн формасы (FORM STI-025) боюнча каттоо карточкасына өзгөртүү киргизилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 04.03.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №106 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.05.2023 · № 281