Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
248-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 34-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелери Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк уюм резиденти болуп саналган мамлекеттин ортосундагы кош салыктан качуу жөнүндө макулдашууга ылайык салык салынууга тийиш.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алган чет өлкөлүк уюм резиденти болуп саналган мамлекеттин ортосунда кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу жок болсо, чет өлкөлүк уюмга төлөп берүүдө аталган кирешеден ушул Кодекстин 249-беренесинде белгиленген ставка боюнча ушул берененин 3-6-бөлүктөрүнө ылайык салык алынат.
3. Эгерде ушул беренеде жана ушул Кодекстин 249-беренесинде башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 249-беренесинде каралган ставкалар боюнча киреше булагына салык салууга Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган, ушул Кодекстин 192-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган деп таанылган кирешелер тиешелүү болот.
4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кирешени төлөп берүү деп төмөнкүлөр таанылат:
1) накталай жана/же накталай эмес формада акча төлөө, баалуу кагаздарды, товарларды, катышуу үлүшүн, анын ичинде чет өлкөлүк субъекттин капиталга катышуу үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн берүү. Ушул главанын максатында бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уюмдун уставдык капиталын көбөйтүүдө баалуу кагаздардын санын жана наркын көбөйтүү же уюмдун катышуучусунун үлүшүнүн наркын көбөйтүү кирешени төлөө болуп саналбайт;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү. Ушул пункттун максаттары үчүн жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү эгерде, аларды аткаруу же көрсөтүү каалаган 12 айлык мөөнөттүн ичинде 183 күнгө чейинки мезгилде ушул Кодекстин 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлердин болушу менен коштолсо, Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган деп таанылат;
3) Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше төлөө боюнча чет өлкөлүк уюмдун алдындагы карызды жабуу эсебине жүргүзүлгөн карызды эсептен чыгаруу же кириштөө.
5. Киреше булагына салык салуу төлөм Кыргыз Республикасынын аймагында же аймагынан тышкары жүргүзүлгөнүнө карабастан колдонулат.
6. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелеринен салыктын суммасын бюджетке эсептөө, кармоо жана чегерүү ушул Кодекстин 249-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча киреше төлөгөн салык агенти тарабынан ишке ашырылат, мында салык агентине төлөп жаткан киреше Кыргыз Республикасында киреше алган туруктуу мекемеге таандык экени тууралуу киреше алуучу тарабынан кабар берилген жана киреше алуучу салык агентине анын Кыргыз Республикасында салыктык катталганы жөнүндө салык органынан маалымкатты жана каттоо картасынын көчүрмөсүн берген учур кошулбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана/же накталай эмес формада акча төлөө, баалуу кагаздарды, кошулду: товарларды, катышуу үлүшүн, алынып салынды: товарларды кошулду: анын ичинде чет өлкөлүк субъекттин капиталга катышуу үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн берүү. Ушул главанын максатында бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен … 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына алынып салынды: ылайык)кошулду: ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.10.2025 · № 243
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-248" title="248-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>