Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
53-берене. Салык агенти, укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү болгон уюм же жеке ишкер салык агенти болуп саналат.
Мыйзам чыгаруу, сот, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, берүү жери болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан алардын дарегине аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча КНС боюнча салык агенттери болуп саналбайт.
2. Салык агенти өзүнүн милдеттерин ушул Кодексте каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен төмөнкүлөргө карата аткарат:
1) кызматкерге эмгек келишими боюнча төлөнгөн суммалар, ошондой эле жеке жакка төлөнгөн жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон башка киреше боюнча киреше булагы катары киреше салыгына;
2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдун кирешесинен алынуучу салыкка, киреше булагы катары;
3) чет өлкөлүк субъекттин киреше булагы деп таанылуучу капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн сатуудан алган кирешесинен алынуучу салыкка;
4) транзакцияга салыкка:
а) жеке ишкердин, уюмдун, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн;
б) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун;
5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында катталган, 28-берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду болуп таанылган алардын дарегине иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар боюнча КНСке.
Ушул пункт ушул Кодекс күчүнө кирген датага чейин түзүлгөн, ушул Кодекстин 3-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерди же макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жумуштарды аткарууга жана/же кызматтарды көрсөтүүгө жайылтылбайт;
6) акциздик товар натыйжасы болуп саналган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүчү субъект катары акциздик салыкка.
2-1. Салык агенти жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алынган жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон жеке жактын кирешесинен киреше салыгына карата өз милдеттерин аткарат. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-1-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Салык агенти салык агентинин өзү же салык агентинин тапшырмасы боюнча башка адам же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка адам тарабынан кирешенин суммасын тɵлɵɵ, товар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр үчүн акылар төлөнгөнүнө карабастан, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү.
4. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык төлөөчү үчүн ушул Кодекс менен белгиленген укуктар жана милдеттер салык агентине жайылтылат.
5. Эгерде салык агенти ушул Кодекс менен каралган салык милдеттенмесин кармап калбаса же толук эмес кармап калса, анда бул аткарылбаган салык милдеттенмеси салык агенти тарабынан аткарылат.
6. Банк ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган милдеттерге карата салык агенти болуп саналбайт.
7. Салык агентинин отчету салык милдеттенмеси пайда болгон ай үчүн берилет. Салык агентинин отчетун берүү жана салык милдеттенмесин төлөө ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө колдонулган тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
8. Кыргыз Республикасынын аймагы берүү жери деп таанылган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөлүк уюмдан же чет өлкөлүк жеке ишкерден сатып алууда Жогорку технологиялар паркынын резиденти, ошондой эле аба жана темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган КНСке карата салык агентинин милдеттерин аткаруудан бошотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үлүшүн сатуудан алган кирешесинен алынуучу салыкка;
4) транзакцияга алынып салынды: салыкка, мында эсеп ачылган банк салык агенти болуп таанылат, ага чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттары эсепке киргизилет жана төмөнкүлөрдүн чет өлкөлүк банктарынын эсеби аркылуу башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине эсептен чыгарылат:
кошулду: салыкка:
а) жеке ишкердин, уюмдун, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз … ташууну жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул берененин 2-бөлүгүнүн алынып салынды: 3-пунктунда кошулду: 5-пунктунда каралган КНСке карата салык агентинин милдеттерин аткаруудан … 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 262 кошулду: 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Салык агенти тарабынан тѳлөнүүчү киреше салыгы” жыйымдын көлөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомуПостановление · 21.07.2026 · № 29-26\4
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.02.2025 · № 37
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-53" title="53-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>