Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
263-берене. Жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү орду
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 37-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78
Жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү орду болуп тийиштүү мамлекеттин аймагы саналат, эгерде:
1) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр ушул мамлекеттин аймагындагы кыймылсыз мүлк менен түздөн-түз байланышкан болсо.
Ушул пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү ижарага алуу, жалдоо жана башка негиздерде пайдаланууга берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө да колдонулат;
2) транспорт каражаттарын ижара, лизинг жана башка негиздерде пайдаланууга берүүнү кошпогондо, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр ушул мамлекеттин аймагында жайгашкан кыймылдуу мүлк, транспорт каражаттары менен түздөн-түз байланышкан болсо;
3) ушул мамлекеттин аймагында маданият, искусство, окутуу (билим берүү), дене тарбия, туризм, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр болсо;
4) ушул мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан төмөнкүлөр алынса:
а) консультациялык, юридикалык, бухгалтердик, аудитордук, инжинирингдик, жарнамалык, дизайнердик, маркетингдик кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык (технологиялык) иштер;
б) программалык камсыз кылуу жана маалыматтар базасын (эсептөө техникасынын программалык каражаттарын жана маалыматтык продуктуларын) иштеп чыгуу боюнча жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, аларды адаптациялоо жана модификациялоо, мындай программаларды жана маалымат базаларын коштоо, ошондой эле электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөр;
в) эгерде персонал сатып алуучу иш жүргүзгөн жерде иштеген учурда, персоналды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
Ушул пункттун жоболору төмөнкүлөргө да колдонулат:
- мамлекеттик коргоого алынган менчик өнөр жай объекттерине, соода маркаларына, товардык белгилерге, фирмалык аталыштарга, тейлөө белгилерине, автордук, чектеш укуктарга же башка ушул сыяктуу укуктарга укугун күбөлөндүрүүчү патенттерди, лицензияларды, башка документтерди өткөрүп берүүдө, берүүдө, жеңилдик берүүдө;
- транспорт каражаттарын пайдаланууга берүүнү кошпогондо, ижарага, лизингге жана башка негиздер боюнча ижарага, лизингге жана башка негиздерде кыймылдуу каражаттарды пайдаланууга берүүдө;
- ушул пунктта каралган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн келишимдин (контракттын) негизги катышуучусу үчүн өзүнүн атынан тартылган жак же болбосо келишимдин (контракттын) негизги катышуучусунун башка жактын атынан кызмат көрсөтүүлөрдө;
5) ушул берененин 1-4-пункттарында каралган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, ошол мамлекеттин салык төлөөчүлөрү тарабынан жумуштар аткарылса, кызматтар көрсөтүлсө.
Ушул пункттун жоболору ошондой эле ижарада, лизингде жана башка негиздерде транспорт каражаттарын пайдаланууга берүүдө колдонулат;
6) ушул берененин 4-пунктунун "б" пунктчасына ылайык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн орду болуп, эгерде төмөнкү шарттардын бири аткарылса, Кыргыз Республикасынын аймагы таанылат:
а) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу уюм же жеке ишкер Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоонун негизинде ишти жүзөгө ашырса; же
б) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан уюмдун филиалына, өкүлчүлүгүнө, туруктуу мекемесине же болбосо мындай филиал, өкүлчүлүк, туруктуу мекеме үчүн сатып алынса жана алар тарабынан керектелсе; же
в) уюмдун туруктуу аткаруучу органынын жайгашкан жери (башкаруу орду) - мамлекеттик каттоодон өткөн жер болуп саналбаган, иш жүзүндө ишкердик ишти жүзөгө ашырган же кызмат көрсөтүүлөрү пайдаланылган, ошондой эле жеке ишкердин жашаган жери Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан болсо;
7) ушул Кодекстин 32-беренесинде көрсөтүлгөн жеке ишкер болуп саналбаган жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган жеке жакка карата, эгерде төмөндөгү шарттардын жок дегенде бири аткарылган учурда, Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду деп таанылат:
а) сатып алуучунун жашаган жери Кыргыз Республикасы болуп саналса;
б) кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн сатып алуучу пайдаланган эсеп ачылган банктын, же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө сатып алуучу аркылуу жүзөгө ашырылган электрондук акча каражаттарынын операторунун жайгашкан жери - Кыргыз Республикасынын аймагында болсо;
в) кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда пайдаланылган сатып алуучунун тармактык дареги Кыргыз Республикасында катталса;
г) кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу же төлөө үчүн пайдаланылган телефон номеринин эл аралык өлкөнүн коду Кыргыз Республикасы тарабынан ыйгарылса.
Ушул пункттун жоболору ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм тарабынан товарларды электрондук соодалоодо товарларды Кыргыз Республикасынын резиденттерине - жеке жактарына берүү ордун аныктоодо да колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 27.06.2019 · № 317 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-263" title="263-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>