Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
190-берене. Материалдык пайда формасында алынган киреше
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 23-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына материалдык пайданын төмөнкүдөй түрлөрүн алуудан түшкөн киреше кошулат:
1) ссуданы, пайызсыз зайымды же кредитти, исламдык каржылоону, ошондой эле карыз пайда болгон учурга карата Улуттук банктын пайызынын эсептик ставкасынан төмөн болгон пайыздык кирешеде зайымды, кредитти, исламдык каржылоону берүү;
2) товарды акысыз негизде берүү;
3) кызматкерге товар сатууда жумуш берүүчү тарабынан жеңилдик берүү.
2. Ссуда берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше болуп, ссуда колдонулган мезгил ичинде ай сайын эсептелүүчү негизде Улуттук банктын эсептик ставкасына көбөйтүлгөн ссуданын суммасы эсептелет.
3. Зайымды, насыяны, исламдык каржылоону берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше болуп зайым, насыя, исламдык каржылоо алынган күнгө карата Улуттук банктын эсептик ставкасына зайымдын, насыянын, исламдык каржылоо суммасынын туундусу менен зайымды, насыяны, исламдык каржылоону берген субъект тарабынан белгиленген пайыздын ставкасына зайымдын, насыянын, исламдык каржылоонун суммасынын туундусунун ортосундагы оң айырма эсептелет.
4. Товарды акысыз негизде берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше берилген товардын эсептик наркы болуп эсептелет.
5. Жеңилдик берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше товардын эсептик наркы менен сатуунун иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы оң айырма болуп эсептелет.
6. Жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге берилген материалдык пайдадан тышкары материалдык пайда формасында алынган киреше боюнча киреше салыгын эсептөөгө жана төлөөгө карата милдеттенмени салык төлөөчү өз алдынча тартат.
( КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайданын төмөнкүдөй түрлөрүн алуудан түшкөн киреше кошулат:
1) кошулду: ссуданы, пайызсыз зайымды же алынып салынды: насыяны, кошулду: кредитти, исламдык алынып салынды: каржылоону берүү, кошулду: каржылоону, ошондой эле карыз алынып салынды: түзүлгөн мезгилге кошулду: пайда болгон учурга карата Улуттук банктын пайызынын эсептик ставкасынан төмөн болгон пайыздык кирешеде зайымды, алынып салынды: насыяны же кошулду: кредитти, исламдык каржылоону берүү;
2) товарды акысыз негизде берүү;
3) … жана төлөөгө карата милдеттенмени салык төлөөчү өз алдынча тартат.
кошулду: ( КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-190" title="190-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>