31-берене. Финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдерин аткаруунун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125
1. Финансылык эмес категориядагы жактар ушул Мыйзамдын айрым беренелеринин талаптарын төмөнкү учурларда аткарышат:
1) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруучулар, кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу) өзүнүн кардары (кыймылсыз мүлктү сатуучу же сатып алуучу) үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурунда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат;
2) баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү чектик суммага барабар же андан ашкан суммада накталай акча каражаттары менен каалаган операцияларды (бүтүмдөрдү), анын ичинде бири-бири менен байланышкан бир нече операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен жүзөгө ашырган учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат;
3) мамлекеттик жана жеке нотариустар, көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер). юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсульттары) өз кардарынын атынан же анын тапшыруусу боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярдоого көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат:
а) кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу;
б) кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын же мүлкүн башкаруу;
в) банктык, аманат эсептерин же баалуу кагаздарды башкаруу;
г) юридикалык жакты түзүү, иштешин камсыз кылуу же башкаруу максатында каражаттарды топтоо;
д) юридикалык жакты түзүү же иштешин камсыз кылуу же юридикалык жакты башкаруу жана коммерциялык ишканаларды сатып алуу-сатуу;
4) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар өз кардарынын атынан же анын тапшыруусу боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярданууга көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат:
а) юридикалык жакты түзүү жана каттоо боюнча агент катары аракеттенүү;
б) юридикалык жактын директорунун же катчысынын, шериктештиктеги өнөктүн милдеттерин аткаруу же юридикалык жакта ушул сыяктуу башкаруу кызматын ээлөө же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү;
в) юридикалык жак, шериктештик, чет өлкөлүк түзүлүш жана траст үчүн катталган офисти же юридикалык жана иш жүзүндөгү даректи берүү;
г) чет өлкөлүк трастта ишенимдүү адамдын милдеттерин аткаруу же чет өлкөлүк юридикалык түзүлүштө ушуга теңдеш функцияны жүзөгө ашыруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү;
д) номиналдуу акционердин милдеттерин аткаруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү.
2. Финансылык эмес категориядагы жактар ушул Мыйзамдын 9, 10, 11, 13, 14, 15, 19, 20, 25 жана 26-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
28.12.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү чектик суммага барабар же андан ашкан суммада … 15, 19, 20, 25 жана 26-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-31" title="31-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>