15-берене. Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча чаралар
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 26
1. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) акыр аягында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) ушул юридикалык жактын менчик укугуна түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же ушул юридикалык жакты контролдогон жеке жак (мындан ары - юридикалык жактын бенефициардык ээси) жөнүндө такталган жана жаңыланган маалыматтарды колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтын негизинде түзүүгө;
2) юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматты түзүлгөн датасынан тартып ушул юридикалык жактын катталган (жайгашкан) жеринде беш жылдан кем эмес сактоого.
2. Акционерлердин реестрин кармоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) юридикалык жактын акционерлеринин реестрин (мындан ары - реестр) түзүүгө жана жаңылап турууга;
2) реестрди түзүлгөн датасынан тартып беш жылдан кем эмес сактоого;
3) реестрдеги маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабынын негизинде, анын ичинде электрондук форматта, байланыштын корголгон каналдары боюнча берүүгө.
3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө түзүлгөн маалыматты финансылык чалгындоо органынын суроо-талабынын негизинде, анын ичинде электрондук форматта, байланыштын корголгон каналдары боюнча берүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалыматтар базасы түзүлөт.
Аталган электрондук маалымат базасын түзүү, жаңылоо, сактоо тартиби жана ага кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары жана Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмышкерлердин же алар менен байланышкан жактардын Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын, Кыргыз Республикасында иштеген чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) юридикалык жактагы үлүшүн ээлеп калуусунун жана (же) контролдоосунун же бенефициардык ээси болуп калуусунун алдын алуу максатында зарыл болгон чараларды көрүүгө тийиш.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-15" title="15-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>