20-берене. Тобокелдикке багытталган ыкма
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125
1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) тобокелдиктерин улуттук баалоонун натыйжаларын жана жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документ түрүндө жазууга жана дайыма жаңылоого;
2) тийиштүү текшерүүчү органга жана финансылык чалгындоо органына айкындалган тобокелдиктер жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
3) тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле контролдоо чараларын иштеп чыгууга жана колдонууга;
4) тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонууга;
5) тобокелдиктин критерийлерин эске алуу менен өздөрүнүн кардарларын классификациялоого.
2. Тобокелдиктерди баалоо, классификациялоо, башкаруу жана азайтуу боюнча жалпы талаптар, ошондой эле жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
28.12.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-20" title="20-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>