25-берене. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактар менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 26
1. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко жана коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы), ошондой эле мындай кылмыштуу ишти (мындан ары бул беренеде - кылмыштуу иш) каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) кылмыштуу ишти кайталап жасоону аныктоо жана алдын алуу үчүн милдеттүү мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү алар жасалган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
3. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях к организации внутреннего контроля в обменных бюро в Кыргызской Республике в целях противодействия финансированию…Постановление · 21.08.2019 · № 2019-П-33/43-7-(НФКУ)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-25" title="25-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>