24-берене. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125
1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары (жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган же иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар) менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
2. Финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш болгон жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
3. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү ал жүргүзүлгөн күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
28.12.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
3. Жогорку тобокелдиктеги … эки жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
кошулду: (КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях к организации внутреннего контроля в обменных бюро в Кыргызской Республике в целях противодействия финансированию…Постановление · 21.08.2019 · № 2019-П-33/43-7-(НФКУ)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-24" title="24-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>