23-берене. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 26
1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү төмөнкүдөй учурларда түзүшөт жана финансылык чалгындоо органына жиберишет:
1) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан. алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
2) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
а) террористтерди жана экстремисттерди;
б) террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
в) террористтик жана экстремисттик ишти.
г) уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;
д) массалык кыргын салуучу куралды таратууну.
2. Шектүү операциялар жөнүндө, анын ичинде шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракети жөнүндө билдирүү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жиберилүүгө тийиш.
3. Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жарыяланат.
4. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…уюмдарды (топторду);
в) террористтик жана экстремисттик ишти.
кошулду: г) уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;
д) массалык кыргын салуучу куралды таратууну.
2. Шектүү операциялар жөнүндө, анын ичинде шектүү операцияларды … чалгындоо органына берилет.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № алынып салынды: 125 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- О Порядке идентификации и верификации клиентов микрофинансовых организаций в удаленном режимеПостановление · 30.09.2020 · № 2020-П-33/54-3-(НФКУ)
- Порядок идентификации и верификации клиентов в удаленном режимеПорядок · 13.05.2020 · № 2020-П-12/27-1-(НПА)
- Порядок идентификации и верификации клиентов микрофинансовых организаций в удаленном режимеПорядок · 30.09.2020 · № 2020-П-33/54-3-(НФКУ)
- "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях к организации внутреннего контроля в обменных бюро в Кыргызской Республике в целях противодействия финансированию…Постановление · 21.08.2019 · № 2019-П-33/43-7-(НФКУ)
- О порядке идентификации и верификации клиентов в удаленном режимеПостановление · 13.05.2020 · № 2020-П-12/27-1-(НПА)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-23" title="23-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>