32-берене. Жоопкерчилик жана жоопкерчиликтен бошотуу
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 26
1. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушуна же талаптагыдай эмес аткарылышына күнөөлүү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
2. Жеке жана юридикалык жактар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасагандыгы, террористтик жана экстремисттик ишти каржылагандыгы, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылагандыгы жана уюшкан кылмыштуу топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратура органынын, текшерүүчү органдардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурда иштеп кеткендери, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимдерин түзгөн адамдар кызматтык, коммерциялык, банктык, салык сырды жана байланыштын сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар жөнүндө маалымат жагынан) түзгөн маалыматтарды же документтерди мыйзамсыз ачыктагандыгы жана пайдалангандыгы, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4. Текшерүүчү органдар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча өз функцияларын талаптагыдай эмес (шалаакы) аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. Финансылык мекемелер, финансылык эмес категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызмат адамдары (кызматкерлери) финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү жибергендиги үчүн жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди талаптагыдай аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
6. Каражаттарды жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) тоңдуруу, операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу, ишкер мамилелерди түзүүдөн же банктык эсепти (аманатты) ачуудан баш тартуу же болбосо операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ишкер мамилелерди токтотуп туруу же токтотуу, кардар менен келишимди бузуу жана банктык эсепти жабуу, эгерде көрсөтүлгөн аракеттер кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган болсо, жарандык-укуктук же башка жоопкерчиликке алып келбейт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Жоопкерчилик жана жоопкерчиликтен бошотуу
1. алынып салынды: Террористтик кошулду: Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга … ишти каржылагандыгы, массалык кыргын салуучу куралды таратууну кошулду: каржылагандыгы жана уюшкан кылмыштуу топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына … мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4. Текшерүүчү органдар алынып салынды: террористтик кошулду: кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга … шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү жибергендиги үчүн жана алынып салынды: террористтик кошулду: кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга … бузуу жана банктык эсепти жабуу, эгерде көрсөтүлгөн аракеттер алынып салынды: террористтик кошулду: кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга … башка жоопкерчиликке алып келбейт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № алынып салынды: 38 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-32" title="32-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>