13-берене. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 26
1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер:
1) Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга кандай болбосун каражаттарды түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу), толук же жарым-жартылай бербөөгө же кызматтарды көрсөтпөөгө тийиш;
2) Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын бул жактарга алдын ала кабарлабастан, кечиктирбестен тоңдурууга милдеттүү.
Мында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарынын талаптарын аткарган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу, анын ичинде Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирет.
2. Төмөнкүлөр тоңдурулууга тийиш:
1) Санкциялык тизмекке киргизилген жактар, топтор, уюмдар ээлик кылган же контролдогон ар кандай каражаттар;
2) Санкциялык тизмекке киргизилген жактар, топтор, уюмдар толук же биргелешкен негизде түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же контролдогон каражаттар;
3) Санкциялык тизмекке киргизилген жактар, топтор, уюмдар толук же биргелешкен негизде, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган же контролдогон каражаттарды пайдалануу жолу менен алынган же өндүрүлгөн каражаттар;
4) Санкциялык тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын тапшырмасы же көрсөтмөсү боюнча аракеттенген жактардын, топтун, уюмдун каражаттары;
5) кылмыштуу ишти, террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды, же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуучу жактарды каржылоо үчүн багытталган каражаттар;
6) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында аныкталган каражаттар.
3. Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операциялары (бүтүмдөрү) жана (же) каражаттары белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар Санкциялык тизмектен чыгарылганда же соттун чечими боюнча бошотулат.
4. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонууда чын пейили менен аракеттенген ак ниеттүү үчүнчү жактардын укуктарын коргоо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздалат.
5. Операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу же бошотуу тартиби, ошондой эле тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Тоңдурулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте башкарылат жана сакталат. (КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111822/st-13" title="13-берене - Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>