6-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электрондук башкаруу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүү программаларын жана пландарын карайт жана бекитет жана алардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
2) Кеңештин, Комиссиянын жана ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары менен катар аларды түзүүнүн тартиби да камтылуучу ушул органдар жөнүндө жоболорду бекитет, көрсөтүлгөн органдарды түзүүнү камсыз кылат жана алардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
3) Кеңештин персоналдык курамын бекитет, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт (Кеңештин сунушу боюнча);
4) порталга маалыматты жайгаштыруу, актуалдаштыруу жана алуу эрежелерин кошуп алганда, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитет;
5) сурап-билүү маалымат тутумуна карата талаптарды кошуп алганда, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна карата талаптарды, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулуунун тартибин жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумунун жана ага кошулуучу маалыматтык тутумдардын маалыматтар форматтарына жана маалыматтарды алмашуу интерфейстерине карата талаптарды бекитет;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтериндеги, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулар болуп саналуучу электрондук документтердеги реквизиттерге жана маалыматты берүү формасына (форматына) карата талаптарды бекитет;
7) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда жөнөкөй электрондук колтамгаларды пайдалануунун эрежелерин, анын ичинде жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүүнүн жана берүүнүн эрежелерин кошуп алганда, идентификациялоонун бирдиктүү тутуму тууралуу жобону, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатында жөнөкөй электрондук колтамгалардын ачкычтарын түзүүгө жана берүүгө укугу бар органдардын жана уюмдардын тизмегин бекитет;
8) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдалануучу, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу үчүн электрондук колтамгалардын түрлөрүн аныктайт;
9) мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, иштетүү, иштетүүдөн чыгаруу тартибине карата талаптарды, ошондой эле алардын маалыматтар базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитет;
10) маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды, анын ичинде алардын корголгондугу жана туруктуулугу боюнча талаптарды, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлорун жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарын электрондук башкаруу боюнча мамлекеттик инфратүзүмдүн курамына киргизүүнүн тартибин бекитет;
11) электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону жана бул тутумду колдонуунун эрежелерин бекитет;
12) тутумга кошулуу эрежелерин кошуп алганда, электрондук төлөмдөр боюнча мамлекеттик тутум тууралуу жобону бекитет;
13) жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын сактоону камсыз кылууга багытталган чаралардын тизмегин жана ушул Мыйзамга ылайык маалыматты коргоо чараларын, анын ичинде базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарда бар купуя маалыматка жетүүнү чектөө боюнча чараларды кошуп алганда, базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарын түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибине карата талаптарды бекитет;
14) базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрин түзүүнүн, актуалдаштыруунун жана пайдалануунун тартибин бекитет;
15) электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүүнүн эрежелерин, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүүнүн жана реестрден чыгаруунун эрежелерин белгилейт.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (17)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 "Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 661
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 706 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн түзүү…Постановление · 16.12.2022 · № 706
- 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 "Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 744
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66 "Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 06.02.2020 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-марты № 120 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам…Постановление · 11.03.2022 · № 120
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 97-б "Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 28.03.2018 · № 97-б
- Кыргыз Республикасынын Санариптик Өнүктүрүү Министрлигинин 2023-жылдын 23-ноябрындагы № 5-д "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан…Приказ · 23.11.2023 · № 5-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 481 “Санарип аймак”…Постановление · 09.12.2025 · № 793
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т (2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча…Распоряжение · 12.01.2022 · № 2-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б ( Трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасын" бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.02.2019 · № 20-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 "Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 748 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 "Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү…Постановление · 31.12.2019 · № 747 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябрындагы № 347-б (Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан…Распоряжение · 05.10.2020 · № 347-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 747
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 744
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 661
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуПостановление · 06.02.2020 · № 66
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111634/st-6" title="6-берене - Электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>