Кыргыз Республикасынын Санариптик Өнүктүрүү Министрлигинин «Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуүчу электрондук колтамгалардын түрлөрү, ошондой эле мындай электрондук колтамгалардын шайкештигин камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2023-жылдын 23-ноябры № 5-д Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуүчу электрондук колтамгалардын түрлөрү, ошондой эле мындай электрондук колтамгалардын шайкештигин камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 1-тиркемеге ылайык:
- Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан күчөтүлгөн электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бири-бири менен электрондук өз ара аракеттенүүсүн уюштурууда электрондук колтамга каражаттарынын шайкештигин камсыздоого талаптар 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы ушул буйрукту каталан күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин электрондук колтамганы жөнгө салуу жана аккредиттөө бөлүмү үч күндүк мөөнөттө:
- расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн:
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып аны маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары С.П. Слесаревге жүктөлсүн.
Министр
Н.А.Кутнаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон