Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 28-марты № 97-б Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде электрондук башкарууга өтүүдө, анын ичинде электрондук жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү жана аткаруу процессинде ведомстволук долбоорлорду ведомстволор аралык макулдашуу жана координациялоо максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Комиссиянын курамына киргизүү үчүн адамдардын тизмесин "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык он күндүк мөөнөттүн ичинде аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бекитүү үчүн берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Комиссиянын персоналдык курамын бекитсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Дж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон