Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 6-февралы № 66 Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарга байланышкан айрым маселелер жөнүндө "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13 жана 14-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрин түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибине карата талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 2020-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрине "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук түрдө жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылсын.
3. Мамлекеттик маалыматтык ресурстардын ээлери болушкан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестринде каттоого тиешелүү өтүнмөлөрдү берүүнү камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибине карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66…Требования · 06.02.2020 · № 66
- Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрин түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна)Порядок · 06.02.2020 · № 66
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон