Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-декабры № 661 Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 18-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), алардын ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар жана уюмдар бир айлык мөөнөттүн ичинде "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого берилген электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтеринин тизмесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети алты айлык мөөнөттүн ичинде:
- "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого берилген электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык системаларды, маалыматты иштеп чыгуу борборлорун жана башка элементтерди киргизүү каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын долбоорун белгиленген тартипте даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин калыптандырууну жана иштетүүнү камсыз кылсын;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестринин операторун аныктасын;
- ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптар (Кыргыз Республикасынын…Требования · 31.12.2019 · № 744
- КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 28-июнундагы № 2-д "Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестринин ишинин маселелери жөнүндө" буйругуПриказ · 28.06.2022 · № 2-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жа- на аларды реестрден чыгаруу ЭРЕЖЕЛЕРИ…Правила · 05.12.2019 · № 661
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Постановление · 21.02.2020 · № 106
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы…Требования · 31.12.2019 · № 747 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон