5-берене. Электрондук башкарууну мамлекеттик жөнгө салууну уюштуруу
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Электрондук башкарууну мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү төмөндөгүлөр координациялайт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча Кеңеш (мындан ары - Кеңеш), ал Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү координациялоо боюнча жогорку орган болуп саналат;
2) Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия), ал Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда жана мекемелерде электрондук башкарууга өтүү боюнча ведомстволук долбоорлорду ведомстволор аралык макулдашууну жана координациялоону камсыз кылат, анын ичинде электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана берүү процессинде камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү уюштуруучулук-усулдук, маалыматтык-талдоочулук жана техникалык жактан камсыз кылууну электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.
4. Эгерде ушул Мыйзамда жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган атыларда башкача белгиленбесе, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер, башка уюмдар, электрондук башкаруу тартибин өз уюмдарынын алкагында өз алдынча аныкташат.
5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана жарандар алардын ортосундагы өз ара мамилелерде электрондук башкарууну жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу макулдашууларды түзүүгө укуктуу. Мындай макулдашуулардын шарттары макулдашуунун бардык тараптары үчүн милдеттүү болуп саналат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 "Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы…Постановление · 15.10.2019 · № 545
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 545 токтомуПостановление · 15.10.2019 · № 545
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111634/st-5" title="5-берене - Электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>