Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды актуалдаштыруу максатында, «Электрондук башкаруу жөнүндө») буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 12 января 2022 года № 2-р (Об утверждении Плана мероприятий по цифровизации управления и развития цифровой инфраструктуры в Кыргызской Республике на 2022-2023 годы)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 5-октябры № 347-б Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды актуалдаштыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
Премьер-министр
К.А.Боронов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасында":
- 2.1-пунктчасында:
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2020" деген цифралар "2023" деген цифралар менен алмаштырылсын; "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ" аббревиатурасы алынып салынсын, ошондой эле "ЖӨБО" аббревиатурасынын алды "ЖӨБЭММА" аббревиатурасы менен толукталсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 3.3, 7.2, 7.3, 41.1, 48.1, 52.1, 52.2, 52.3, 58.2, 60.2, 86.2, 86.3 жана 98.1-пунктчаларындагы "2020" деген цифралар "2021" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Иш-чара/Иш аракет", "Күтүлгөн натыйжа (продукт)" графаларынын 8.1, 8.3, 9.1 жана 9.2-пунктчаларындагы "жана тышкы саясат" деген сөздөр алынып салынсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 8.3-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-октябры" деген сөздөр "2020-жылдын 30-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 8.3-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2020-жылдын 30-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Иш-чара/Иш аракет", "Күтүлгөн натыйжа (продукт)" графаларынын 8.4, 8.5, 9.4, 9.5-пунктчаларындагы "тышкы саясат ведомстволор" сөздөрү "укук коргоо органдары" сөздөрү менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 8.4 жана 8.5-пунктчаларындагы "2019-жылдын декабры" деген сөздөр "2021-жылдын июлу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 8.4, 9.4 жана 9.5-пунктчаларындагы "ТИМ" аббревиатурасы алынып салынсын, ошондой эле "КИМК" аббревиатурасынан кийин "ИИМ, ӨКМ, КР КК ГШ (макулдашуу боюнча), ЖАМК, МЧК" сөздөрү менен толукталсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 8.5-пунктчасындагы "ТИМ" аббревиатурасы алынып салынсын, ошондой эле "(макулдашуу боюнча)" деген сөздөрдөн кийин "ИИМ, ӨКМ, КР КК ГШ (макулдашуу боюнча), ЖАМК, МЧК" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 9.1-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-июну" деген сөздөр "2021-жылдын 20-апрели" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 9.2-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-декабры, республиканын бүткүл аймагында техникалык мүмкүндүктөрдү түзүү шарты менен" деген сөздөр "2021-жылдын 20-апрели" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 9.4-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-апрели" деген сөздөр менен алма1итырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 9.5-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-апрели" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 10.1 жана 13.2-пунктчаларындагы "марты" деген сөз "октябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 12.1 жана 12.2-пунктчаларындагы "2019" деген цифралар "2021" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Иш-чара/Иш аракет", "Күтүлгөн натыйжа (продукт)" графаларынын 14.2-пунктчасындагы "МИЧБ" аббревиатурасынан кийин тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жана "Өкмөтгүк булут" - G-Cloud" мамлекеттик платформасын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15.1, 64.1 жана 64.2-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 16.1 жана 16.3-пунктчаларындагы "МКК" аббревиатурасы "ЖРМА" аббревиатурасы менен алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 16.2-пунктчасындагы "ӨЭЖМК, МКК" аббревиатуралары "ЖРМА, ӨЭЖМК" аббревиатуралары менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 17.1-пунктчасындагы "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр "2021-жылдын 20-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 17.2-пунктчасындагы "марты" деген сөз "ноябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 19.1, 20.1, 91.3 жана 92.3-пунктчаларындагы "2019" деген цифралар "2020" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 21.5-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "Туруктуу негизде 2023-жылдын 20-декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21.6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
21.6. Лицензиялар жана уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрин маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу менен мамлекеттик органдардын МС базасында жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында түзүү
Туруктуу негизде 2023-жылдын 20-декабрына чейин
Лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүүнүн оптималдаштырылган процесстери иштелип чыккан
ЭМ, МТБМК, мамлекеттик органдар - лицензия берүүчүлөр
";
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 22.1-пунктчасындагы "2019-жылдын июлу" деген сөздөр "2021-жылдын июлу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 25.2-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-марты" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 26.1-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-сентябры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 26.2-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-сентябры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 26.3-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-сентябры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пунктундагы:
"Иш-чара/Иш аракет", "Күтүлгөн натыйжа (продукт)" графаларындагы "жана сыноо" деген сөздөр алып салынсын; "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 27.1-пунктчасындагы "ЮМ" аббревиатурасы алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункту менен толукталсын: "
27-1
"Сыноо" МСти ишке киргизүү
27-1.1. "Сыноо" МС жөнүндө жобону иштеп чыгуу
2021-жылдын 20-декабрына
"Сыноо" МС жөнүндө жобо бекитилди
ЮМ, МТБМК
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар
27-1.2 Пилоттук региондордогу сыноо органдарында. "Сыноо" МС иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2021-жылдын 20-декабрына
Пилоттук региондордо "Сыноо" МС ишке киргизилди
ЮМ, МТБМК
27-1.3 Бардык региондордогу сыноо органдарында "Сыноо" МС иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2022-жылдын 20-декабрына
Бардык региондордо "Сыноо" МС ишке киргизилди
ЮМ, МТБМК
";
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 29.1-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 31.2-пунктчасындагы "февралы" деген сөз "октябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 31,5 жана 96.3-пунктчаларындагы "2020-жылдын декабры" деген сөздөр "2021-жылдын марты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 32.1-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 32.4-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 36.1-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-марты" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 40.1, 80.2 жана 80.3-пунктчаларындагы "2020-жылдын сентябры" деген сөздөр "2021-жылдын марты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 44-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 44.2-пунктчасы менен толукталсын:
"
44.2. Радио электрондук каражаттардын электромагниттик айкалышуусун талдоонун эсептөөлөрүн жүргүзүү үчүн адистештирилген программалык камсыздоону ишке киргизүү
2021-жылдын 20-декабры
Электромагниттик айкалышууга талдоо жүргүзүүнүн мөөнөтү маалыматтарды берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бөлүп берүү үчүн жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча берүүнүн алкагында кыскартылган
МТБМК
";
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 45.3-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-сентябры" деген сөздөр "Этап-этабы менен 2021-жылдын 20-сентябрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 46.3-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-марты" деген сөздөр "Этап-этабы менен 2021-жылдын 20-сентябрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 47.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
47.1. "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин
2020-жылдын 20-декабры
"Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылды
ЭМ, бизнес-ассоциациялар, УБ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча)
";
- "Жооптуу аткаруучулар" графасынын 48.1-пунктчасындагы "ЭМ, ФМ, МТБМК, УБ" аббревиатуралар "УБ (макулдашуу боюнча), МТБМК, ФМ, коммерциялык банктар, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 51.1-пунктчасында:
- "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "МЧК" аббревиатурасы алынып салынсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2020-жылдын декабры" деген сөздөр "2021-жылдын сентябры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 53.2-пунктчасындагы "июну" деген сөз "ноябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 57.1-пунктчасындагы "2020" деген цифралар "2021" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 60.1-пунктчасындагы "марты" деген сөз "декабрь:" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 61,2-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-июну" деген сөздөр "2021-жылдын 20-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 68.1-пунктчасындагы "2020" деген цифралар "2021" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 70.1-пунктчасындагы "2020-жылдын июну" деген сөздөр "2021-жылдын марты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 70.2-пунктчасындагы "1-январы" деген сөздөр "30-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 71.2-пунктчасындагы "марты" деген сөздөр "декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 73.3-пунктчасындагы "2020-жылдын декабры" деген сөздөр "2021-жылдын ноябры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "И-чара/Иш аракет" графасынын 74.1-пунктчасындагы "Электрондук айыл" Бирдиктүү МС" деген сөздөр "Санарип аймак" МС" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 75.1-пунктчасындагы "2020-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөнөөтү" графасынын 78.2-пунктчасындагы "июну" деген сөз "ноябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 85.1-пунктчасындагы "июну" деген сөз "декабры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 85.2-пунктчасындагы "2019-жылдын декабры" деген сөздөр "2021-жылдын марты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 90.1-пунктчасындагы "2019-жылдын 20-сентябры" деген сөздөр "2020-жылдын 30-декабры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 90.2-пунктчасында:
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2019-жылдын 20-декабры" деген сөздөр "2021-жылдын 20-июну" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭСӨМ, БИМ, ССМ, МЧК, ММК" аббревиатуралары "ММК, БИМ, ССМ, МЧК, ИИМ (тиешелүү министрликтер жана ведомстволор)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 93.1-пунктчасындагы "2021-жылдын марты" деген сөздөр "2021-жылдын сентябры" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 93.3 жана 95.1-пунктчаларындагы "марты" деген сөз "октябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 95,2-пунктчасындагы "июну" деген сөз "октябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 96.2-пунктчасындагы "сентябры" деген сөз "ноябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 98.2-пунктчасындагы "2021" деген цифралар "2023" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 100.1-пунктчасындагы "июну" деген сөз "ноябры" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 100.2-пунктчасындагы "2020" деген цифралар "2021" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасынын 101.1-пунктчасындагы "2021" деген цифралар "2022" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 116.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
116.1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана КМИ объектилеринде МКК жана МККК пайдалануу боюнча талаптардын системасын иштеп чыгуу
2022-жылдын 20-июну
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана КМИ объектилеринде МКК жана МККК пайдалануу талаптары боюнча УКМК жана МТБМКнын биргелешкен буйругу бекитилген
УКМК, МТБМК
";
- "Милдеттер" графасынын 117-пунктунда "Маалыматтык коопсуздук боюнча Улуттук координациялык борбору" деген сөздөр "Кибер коопсуздукту камсыздоо боюнча Координациялык борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 117.1-пунктчасында:
"Иш-чара/Иш аракет" графаларындагы "Маалыматтык коопсуздук боюнча Улуттук координациялык борборун" деген сөздөр "Кибер коопсуздук камсыздоо боюнча Координациялык борборун" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Күтүлгөн натыйжа (продукт)" графасындагы "Маалыматтык коопсуздук боюнча Улуттук координациялык борбору" деген сөздөр "Кибер коопсуздукту камсыздоо боюнча Координациялык борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- пайдаланылган кыскартуулардын тизмеги токсон экинчи жана токсон үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"
"КР КК ГШ
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы";
"ЖРМА
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б ( Трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасын" бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.02.2019 · № 20-р · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т (2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча…Распоряжение · 12.01.2022 · № 2-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 03-февралындагы № 4362-VI “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 03.02.2021 · № 4362-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б ( Трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасын" бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.02.2019 · № 20-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т (2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча…Распоряжение · 12.01.2022 · № 2-р · Күчүн жоготкон
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон