Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-декабры № 744 Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 19-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарында:
- 34, 37-42, 46-49-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 45-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"45. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдун маалыматтык системасын өндүрүштүк эксплуатациялоодо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдун маалыматтык системасынын кибер коопсуздук окуяларына мониторинг жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын информациялык технологиялар жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана (же) кибер коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компьютердик инциденттерге чара көрүү кызматынын (бөлүмүнүн) кибер коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг жүргүзүү системасына берүү камсыз кылынат.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-январындагы № 8 (3080) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абдылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 762
- Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптар (Кыргыз Республикасынын…Требования · 31.12.2019 · № 744
- "Нарын" эркин экономикалык зонасында товарларды өткөрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 149 токтомуна)Порядок · 22.03.2023 · № 149
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды…Постановление · 21.02.2020 · № 106
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 762
- Электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон