47-берене. Республикалык бюджеттин кирешелери
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 октября 2025 года № 210
Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:
1) белгиленген ченемдер боюнча жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөр;
2) пайдадан алынуучу салык;
3) кошумча нарктан алынуучу салык;
4) акциз салыгы;
5) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген бажы алымдары, жыйымдары жана төлөмдөрү;
6) эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында төлөнүүчү салыктар;
7) республикалык бюджеттен берилген бюджеттик насыялар боюнча пайыздар;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) пайдасын бөлүштүрүүдөн которуулар жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;
9) байланыш тармактарын өнүктүрүүгө чегерүүлөр;
91) жарандык авиация тармагын өнүктүрүүгө чегерүүлөр;
10) мамлекеттик акциялар пакетине кошуп эсептелген дивиденддер;
11) ЭЭЗ аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт.
12) мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн каражаттар;
13) сынам жыйымы;
14) аскердик милдетке байланышкан жыйымдар;
15) радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуу учун тооруктардын (аукцион, конкурс) натыйжалары боюнча радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн номерлөөнүн бөлүнгөн ресурсу үчүн жыйымдар;
16) өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин жана козу карындарды пайдалануу үчүн жыйым;
17) суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалангандыгы үчүн жыйым;
18) айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым;
19) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр;
20) мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;
201) тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жобосун жүргүзүү үчүн жыйымдар;
21) автомото транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар;
22) апостил койгондугу үчүн жыйымдар;
23) транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка сызыктык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн төлөмдөр жана жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөгөн жүктөрү менен транспорт каражаттарын өткөргөндүгү үчүн жыйым;
24) жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча өтүү үчүн жыйымдар;
25) жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар;
26) (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
27) мамлекеттик алымдар;
28) патенттик алымдар;
29) мамлекеттик соцалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошпогондо, соттун чечими боюнча айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук караштуулугундагы мекемелер тарабынан материалдык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги чараларын колдонуунун натыйжасында алынуучу каражаттар;
30) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу;
31) юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз жана ыктыярдуу негизде республикалык бюджетке берилүүчү каражаттар;
32) Министрлер Кабинети тарабынан алынган расмий трансферттер;
33) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 9-августундагы № 171, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77, 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 октября 2025 года № 210 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере образования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 171 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об образовании")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"Редакцияларды салыштыруу
14.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик кошулду: башталгыч жана жогорку алынып салынды: окуу жайларынын кошулду: кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, … № 171, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77, 2025-жылдын 1-октябрындагы № алынып салынды: 206 кошулду: 206, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (13)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын…Постановление · 17.12.2020 · № 617
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-сентябрындагы №05-р чечими (Сергей Анатольевич Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз…Решение · 16.09.2020 · № 05-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июну № 353 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын…Постановление · 22.06.2020 · № 353
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык…Постановление · 27.07.2017 · № 453
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 февраля 2018 года № 76 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении…Постановление · 02.02.2018 · № 76
- Постановление Правительства КР от 31 мая 2019 года № 259 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в…Постановление · 31.05.2019 · № 259
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы № 118 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 09.08.2021 · № 118
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы эмгек миграциясы…Постановление · 01.06.2017 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Трагасынын 2024-жылдын 25-мартындагы № 167 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.М.Мураталиев тарабынан демилгеленген…Распоряжение · 25.03.2024 · № 167
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-августундагы № 413 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Исраилов, Н.Я.Алимжанова, Ы.Ы.Атажанов…Распоряжение · 15.08.2023 · № 413
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун…Постановление · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуПостановление · 22.06.2018 · № 298
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 токтомуПостановление · 27.07.2017 · № 453
Беренеде аталган актылар (2)
- Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик…Закон · 23.03.2020 · № 29
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-47" title="47-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>