Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 22-июну № 353 Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөөнү жана эсепке алууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4, 47, 48, 70 жана 75-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары менен макулдашып, Бирдиктүү депозиттик эсепте топтолгон, кайтарылып алынган каражаттардын калдыктарын тиешелүү бюджеттин кирешесине бир айлык мөөнөттө которсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын кириштөө жана эсепке алуу тартиби (Кыргыз…Порядок · 22.06.2020 · № 353
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-8 "2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын…Постановление · 29.05.2025 · № 8-8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы №353 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу…Постановление · 17.09.2025 · № 585
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун…Постановление · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке…Порядок · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун…Постановление · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон