Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-июлу № 453 Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 614-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар (мындан ары - фотовидео фиксациялоо системасы), автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган администрациялык укук бузуулардан өндүрүлгөн администрациялык айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- администрациялык айыптарды төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алсын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен ай сайын аталган каражаттарды салыштырып текшерип турсун;
- администрациялык айыптарды төлөөдөн иш жүзүндө түшкөн каражаттарды эске алуу менен бюджеттик мыйзамга ылайык тийиштүү мөөнөткө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 18-июнундагы № 422 ""Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун…Распоряжение · 18.06.2018 · № 422
- "Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган…Порядок · 27.07.2017 · № 453
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-июлундагы № 255-б "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максаты жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 19.07.2018 · № 255-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык…Постановление · 18.02.2019 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 токтомуПостановление · 18.02.2019 · № 56
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон