Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 9-августу № 118 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев жана Т.У.Жоробеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага
У.А. Марипов
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын “09” августу №118 токтому менен жактырылган
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев жанаТ.У. Жоробеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине бюджеттик насыялоо процессинин негизги жоболорун караган, ошондой эле бюджеттик насыялоо субъекттерин, бюджеттик насыялар боюнча милдеттенмелерди токтотуунун жана бюджеттик насыялар боюнча карыздарды эсептен чыгаруунун укуктук негиздерин аныктаган өзүнчө главаны киргизүү сунушталууда, бул республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик насыяларды башкаруу механизмин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.
1.Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген атайын эсептерди түзүү булактарынын тизмегин бюджеттик насыяларды тындыруунун эсебине республикалык бюджетке кайтарылуучу каражаттардан чегерүүлөр түрүндөгү түшүүлөр атайын
эсептерге эсепке алынат деген ченем менен толуктоо сунушталууда. Бирок Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык бюджеттик насыя- кайтарып берүү, мөөнөттүүлүк жана акы төлөөчүлүк шарттарында бюджеттик каражаттарды алуучуга республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилүүчү акча каражаттары; Кайтарып берүү - бюджетгик насыялоонун негизги принциби катары бюджеттик насыяны толук тындырууну караштырат, башкача айтканда берилген бюджеттик насыялардын бардык суммасы республикалык бюджетке толук кайтарылышы керек. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесинин 7-пунктуна ылайык республикалык бюджеттин кирешелери болуп берилген бюджеттик насыялар боюнча пайыздар эсептелет. Ушундан улам бюджеттик насыяларды тындыруунун эсебине республикалык бюджетке кайтарылуучу каражаттардан чегерүүлөр республикалык бюджетке кайтарылышы жана өз алдынча мекемелердин ишин каржылоого багытталбашы керек. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 356-беренесинин 2-бөлүгүнүн сунушталган редакциясында бюджеттик насыяларды башкаруу, ошондой эле бюджеттик насыяларды тындыруунун эсебине республикалык бюджетке кайтарылуучу акча каражаттарынын үч пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен агенттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо жөнүндө жоболор каралган, бул тиешелүү түрдө агенттин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү да караштырат.
Ошол эле учурда “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик орган — мамлекеттик бийликтин иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюштурулган, республикалык бюджеттен каржылануучу орган. Мындан тышкары мамлекеттик жарандык кызматчы мамлекеттик органда административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти республикалык бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мекеме катары республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик орган болуп эсептелерин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу төмөнкүдөй мазмундагы 3511-берене менен толуктап, Мыйзам долбоорунун 356-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз: “3511-берене. Агенттин ишин каржылоо Агенттин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо, агенттин кызматкерлеринин иши жана аларга социалдык коргоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында бюджеттик насыяларды тындыруунун эсебине республикалык бюджетке кайтарылуучу акча каражаттарынын үч пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен Агентти өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду түзүлөт, анын отуз пайызы Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондуна багытталат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана агентти енүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун акча каражаттарын пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”.
3. “Мыйзамдар” деген түшүнүк жалпыланган түшүнүк болуп саналат жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү так мүнөзгө ээ эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 77 жана 78-пункттарына ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт. Мыйзам долбоорундагы бланкеттик аныктамалар мыйзам чыгаруу тармагына, мыйзам чыгаруу актынын түрүнө, жөнгө салуу тармагына жана белгилүү эрежелерге шилтеме кылат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 351-беренесинин сунушталган редакциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз:
- 4-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “жарандык” деген сөз менен толукталсын;
- 5-бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген” деген сөздөр алып салынсын.
4. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылган деп белгиленген, бирок аталган маалымкатта өткөрүлгөн коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат камтылган эмес.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманын 77-пунктуна ылайык коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат ченем жаратуучу органдын расмий сайтында мыйзам алдындагы актынын долбоорун жайгаштыруу датасын, ошондой эле келтирилген сунуштардын коомдук талкуусунун, түшкөн сунуштардын жыйынтыктарын аларды эсепке алуу же эсепке албоо негиздемеси менен өзүнө камтышы керек. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты көрсөтүү зарыл.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөн.
Мыйзам долбоорунун ченемдерин Президенттин жогоруда көрсөтүлгөн Жарлыгына шайкеш келтирүү максатында Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Өкмөтү” деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын. Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзам долбоорун кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтомуПостановление · 31.05.2017 · № 313
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча" НУСКАМА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен…Инструкция · 31.05.2017 · № 313
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2017 · № 313