Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Исраилов, Н.Я.Алимжанова, Ы.Ы.Атажанов, З.Д.Мамасадыков, Э.Н.Сулайманов жана Ж.К.Акаев демилгелеген «Интеллектуалдык укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 15-августу № 413
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Исраилов, Н.Я.Алимжанова, Ы.Ы.Атажанов, З.Д.Мамасадыков, Э.Н.Сулайманов жана Ж.К.Акаев демилгелеген "Интеллектуалдык укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
"Интеллектуалдык укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Исраилов, Н.Я.Алимжанова, Ы.Ы.Атажанов, З.Д.Мамасадыков, Э.Н.Сулайманов жана Ж.К.Акаев демилгелеген "Интеллектуалдык укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоорунун максаты болуп интеллектуалдык менчиктин улуттук системасын комплекстүү модернизациялоо билдирилген. Сунушталган Мыйзам долбоору 9-главадан жана 51-беренеден турат. Сунушталган Мыйзам долбооруна ылайык 6-главада өлкөдө эл аралык стандарттарга ылайык келген колдонулган интеллектуалдык менчик (мындан ары - ИМ) системасынын ордуна интеллектуалдык менчик укуктарын камсыз кылуу институттарынын татаал түзүмү төмөнкүдөй курамда сунушталган:
1) ИМ мамлекеттик агенттиги - ИМ жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жооптуу орган, муну менен бирге ал укук колдонуу практикасынан ажыратылат;
2) патенттик укуктар оператору - эксперттик уюмдар, мында мыйзам долбоорунун 11-беренесине ылайык оператор өзү экспертиза жүргүзбөйт, ал адистерди жана/же уюмдарды тартат, б.а. өтүнмөлөр башка адамдар тарабынан каралат;
3) чыгармалардын айрым түрлөрүн жана башка объекттерди пайдалангандыгы үчүн адилеттүү сый акы төлөө боюнча оператор;
4) аларга "мамлекеттик" деген статус берүү менен чыгармалардын аттестацияланган депозитарийлери жана башка объекттер;
5) интеллектуалдык укуктарды жамааттык башкаруу боюнча уюмдар;
6) Чыгармачылык ишти шыктандыруучу улуттук фонд.
Толук эмес функциялары жана анык эмес статусу менен 4 жана андан ашык элементтерден турган сунушталган түзүмдү ишке ашыруу патенттик ведомство иштеп жаткан мезгилден бери пландуу түзүлгөн системаны бузууга алып келет. Мындан тышкары бул Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы кадыр-баркын түшүрөт жана өлкөдө бизнестин кызыкчылыктарына түзөлгүс зыян келтирет. Белгилей кетсек, Кыргызпатент патенттик ведомство катары борбордон ажыратылган инфраструктуранын бул этабын 1990-жылдардын башталышында басып өткөн, андан кийин 1996-жылдын мартында ИМ жаатындагы бир нече толук эмес түзүмдөрдүн базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттиги түзүлгөн, башкаруучулук жана тейлөө персоналын күтүүгө жана материалдык-техникалык камсыздоого чыгымдар кескин кыскарган. Мындай Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда ИМ коргоо жана сактоо системасы катары мамлекеттик органдардын иши уюштуруусуз калат, системаны кайра уюштурууга бюджеттин чыгымдары олуттуу жогорулайт. Мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр боюнча көз карашта концептуалдуу каралган эмес:
1) Кыргыз Республикасы үчүн максатка ылайыктуулугу;
2) мүмкүн болуучу финансылык, материалдык, убактылуу жана аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруу чыгымдарынын акталышы;
3) системалуулук контекстинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жалпы системасына ылайык келиши, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына жана эл аралык келишимдерине карама-каршы келбегендиги.
Мыйзам долбоорунда ИМдин ар түрдүү объекттерине укуктук коргоону берүүнүн режими жана принциптери конкреттештирилген эмес. ИМ объекттери укуктук режимине, укуктук коргоону берүүнүн негиздерине, укук ээсинин өзгөчө укуктарынын көлөмдөрүнө, укуктук коргоонун мөөнөттөрүнө, аларды пайдалануу шарттарына, коргоо чараларына ж.б. жараша олуттуу айырмаланып турат. Ушуга байланыштуу ИМ объекттеринин түрлөрүн өзүнчө тармактык мыйзамдар менен жөнгө салуунун зарылдыгы келип чыгат, бул Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында так системага салынган жана регламенттелген. Ошентип, интеллектуалдык менчикти коргоо жана сактоо жаатындагы колдонуудагы улуттук мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген жоболордон, 11 атайын тармактык мыйзамдардан, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинен, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинен, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан турат. Мындан тышкары интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык мыйзамдар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен күчүнө кирген 25 эл аралык келишим бар, алардын алкагында Кыргыз Республикасы өзүнө интеллектуалдык менчик жаатындагы милдеттенмелерди алган. Мыйзам долбоорунда сунушталган "интеллектуалдык укуктар", "жетим чыгармалар" жана "дизайн-үлгү" деген жаңы түшүнүктөр бир дагы эл аралык келишимде жана интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында каралган эмес жана "интеллектуалдык менчик" жана "интеллектуалдык менчиктин укуктары" сыяктуу эл аралык укукта кабыл алынган фундаменталдуу түшүнүктөргө ачык карама-каршы келет. Ошондой эле Мыйзам долбоору мындай маанилүү институттарга карата патенттик ишенимдүү өкүлдөр, мамлекеттик патенттик алымдар катары ченемдерди камтыбайт. Жалпысынан Мыйзам долбоору ИМдин айрым объекттерин гана жөнгө салууга багытталган, ал эми ИМдин объекттеринин түрлөрүнүн тизмеги бир кыйла кеңири. Ошону менен бирге Мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча чаралар жөнүндө жоболорду камтыган эмес, мунун жоктугу эл аралык келишимдерге кошулуунун алкагында алынган милдеттенмелерди аткарбагандык болуп саналат. Сунушталган Мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо жана сактоо чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча кызматташуунун милдеттерин чечүүнү ишке ашырууга карама-каршы келет. Мыйзам долбоору ойлоп табууларга жана өнөр жай үлгүлөрүнө укуктук региондук коргоону берүү маселелери боюнча Евразия патенттик уюму менен кызматташуунун милдеттерин чечүүнү ишке ашырууга дагы карама-каршы келет. Ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюму (ИМДУ) тескөөчү эл аралык келишимдердин негизги жоболоруна ылайык келбеген сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ушул эл аралык уюм менен түзүлгөн мамилелерин күтүлбөгөн кесепеттерге алып келет. Белгилей кетсек, Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жергиликтүү жана чет өлкөлүк өтүнмө ээлеринен интеллектуалдык менчик объекттерин каттоо жана коргоону бергендиги үчүн патенттик алымдар жана жыйымдар түрүндөгү республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттардын, ошондой эле Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун протоколуна, Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусуна ылайык келип түшкөн, экспертиза жүргүзүү жана башка юридикалык маанилүү иш-аракеттер үчүн алымдардын администратору болуп саналат. Мында Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун протоколуна, Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусуна ылайык келип түшкөн алымдар Кыргызпатенттин топтолуучу эсебине, ал эми жергиликтүү жана чет өлкөлүк өтүнмө ээлеринен келип түшкөн алымдар депозиттик эсепке келип түшөт. Ушуну менен бирге Кыргызпатенттин атайын эсебинин каражаттары Евразия патенттик конвенциясынын катышуучу мамлекеттеринин аймактарында евразия патенттерин күчүндө кармап туруу үчүн улуттук патенттик ведомстволорго тийиштүү болгон алымдардын үлүшүн Евразия патенттик ведомствосу тарабынан которуу тартибине ылайык келип түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1995-жылдын 27-сентябрындагы № 213-1 токтому менен ратификацияланган Евразия патенттик конвенциясына ылайык евразия патентин күчүндө кармап туруу үчүн бардык алымдар Евразия ведомствосуна төлөнөт. Уюм менен аталган Келишим түзүүчү мамлекеттердин ортосунда евразия патентин күчүндө кармап туруу үчүн алымдарды бөлүштүрүүнүн үлүшүнүн катышы Административдик кеңеш тарабынан үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен, патент ээси көрсөткөн ар бир Келишим түзүүчү мамлекет үчүн алынган алымдын өлчөмүнүн бештен биринен кем эмеси Уюмга таандык болгон шартта белгиленет; бул алымдын калган бөлүгү аталган Келишим түзүүчү мамлекеттин улуттук ведомствосуна которулат. 2022-жылы патенттик алымдар боюнча республикалык бюджеттин кирешелери жалпысынан 288,8 млн сомду түздү. Азыркы убакта Кыргызпатент республикалык бюджеттен жана атайын эсептин каражатынан каржыланат. Сунушталган Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) ордуна бир нече уюмду түзүү сунушталууда, алардын каржылоо булактары аныкталган эмес. Мында белгилей кетсек, долбоордун негиздеме-маалымкатында Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт деп көрсөтүлгөн. Долбоор менен интеллектуалдык менчиктин функцияларын жеке уюмдарга өткөрүп берүү каралган, ушуну менен бирге алымдын администратору ким болору жана бюджетке, ошондой эле Кыргызпатенттин атайын эсебине келип түшөрү түшүнүксүз. Эгерде алымдар жана жыйымдар бюджеттин кирешесине келип түшпөсө, анда кирешелер төмөндөшү мүмкүн жана Кыргызпатентти күтүүгө кошумча чыгымдар талап кылынат, алардын булактары аныкталган эмес. Ушуну менен бирге сунушталган Мыйзам долбоорунун "Патенттик укуктар оператору" 37-беренесинде патенттик укуктар операторунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн, ошондой эле патенттик укукту кармап туруу, жекелештирүү каражаттарына укуктар үчүн төлөм алынышы мүмкүн экендиги каралган, төлөөнүн чектелген өлчөмү, мөөнөтү жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 144-беренеси патенттик жана башка алымдар, жыйымдар-интеллектуалдык менчик объектилерине, салттуу билимге, ушул Кодексте белгиленген интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого байланышкан юридикалык маанилүү башка иш-аракеттерди жасоого, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого жана каттоого өзгөчө укук берүү үчүн акы экендигин аныктайт. Сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджетке каражаттардын толук түшпөй калышына алып келет. Ошондой эле бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 47-беренесине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 153-беренесине карама-каршы келет, анткени мамлекеттик патенттик алым республикалык бюджеттин булагы болуп саналат. Белгилей кетсек, сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мүмкүн болуучу финансылык чыгымдарга жана мамлекеттин бюджетине толук түшпөй калуусуна келиши мүмкүн (азыркы убакта республикалык бюджеттин кирешесине жыл сайын түшүүлөр орточо 159,0 млн. сомду түзөт (2022-жыл), ошондой эле ИМДУ тескөөчү эл аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында эл аралык деңгээлдеги ишенимди жоготууга жана беделибизди түшүрүүгө алып келет. Мындан тышкары Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү негизги тармактык мыйзамдарын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда: 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы", 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө", 1999-жылдын 16-июлундагы № 74 "Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө", 1998-жылдын 30-мартындагы № 328 "ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө", 1998-жылдын 31-мартындагы № 329 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" жана 2006-жылдын 17-мартындагы № 79 "Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө". Белгилей кетсек, Мыйзам долбоорунун бул жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына ачык карама-каршы келет. Инвентаризация жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча "Патент мыйзамы" жана "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жаңы редакцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров кол койгон, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө", "Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө" жана "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген, ал эми "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин интеграциялоо менен аталган Мыйзам күчүн жоготту деп таанылган. Ошондой эле жогоруда саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоготулушу Кыргыз Республикасынын аймагында интеллектуалдык менчик объекттерин коргоо боюнча укуктук вакуумду түзөрүн белгилей кетүү зарыл. Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасынын 30 жылында колдонуудагы мыйзамдар эл аралык мыйзамдардын талаптарына жана азыркы убактын чындыктарына толугу менен жооп берерин белгилөө маанилүү. Мыйзамдардын колдонуудагы системасы өз ара тыгыз байланышкан, логикалык тартипте жайгашкан жана интеллектуалдык менчик жаатындагы экономикалык, укуктук аспекттерди так аныктайт, интеллектуалдык менчикти коргоо катары институтту да, коргоо институту катары да аныктайт. Сунушталган мыйзам долбоору жогоруда белгиленген логикалык түзүмдүн жана интеллектуалдык менчик жаатындагы улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин ченемдерин ишке ашыруу планы катары ИМ объекттери боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн бардык системалуу процесстеринин тең салмаксыздыгына жана шайкешсиздигине алып келет. Мындан тышкары сунушталган Мыйзам долбоору менен интеллектуалдык менчик системасынын иштөө схемасын санариптештирүүдө республикалык бюджеттин каражаттарынан олуттуу чыгымдар талап кылынат, ошондой эле сунушталган татаал түзүм интеллектуалдык менчик системасынын ишенимдүү иштеп кетишин камсыз кыла албайт. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук жана укук коргоочулук терс кесепеттерге алып келет. Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 26
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
- О служебных изобретениях, полезных моделях, промышленных образцахЗакон · 16.07.1999 · № 74
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Патент мыйзамыЗакон · 14.01.1998 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 7 · Күчүн жоготкон
- О правовой охране программ для электронных вычислительных машин и баз данныхЗакон · 30.03.1998 · № 28 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндөЗакон · 17.03.2006 · № 79
- Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 31.03.1998 · № 29