Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, „Билим берүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 171
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 47-берененин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) ЭЭЗ аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайларынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;";
2) 105-берененин 8-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "ж-1" пунктчасы менен толукталсын:
"ж-1) билим берүү, илимий жана окуу-өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелерди;".
2-берене "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 43-берененин төртүнчү абзацында "өндүрүштүк" деген сөз "окуу-өндүрүштүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 44-беренеде:
а) он биринчи бөлүктө "орто жана кесиптик жогорку" деген сөздөр алып салынсын;
б) он бешинчи бөлүктө "орто жана кесиптик жогорку" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-августундагы № 65 (3514) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 29-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 1301-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 22.06.2023 · № 1301-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1221-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 07.06.2023 · № 1221-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1335-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 29.06.2023 · № 1335-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 659-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 30.11.2022 · № 659-VII
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 97 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.07.2021 · № 97
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 377 ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик…Распоряжение · 04.08.2023 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 672-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим…Постановление · 30.11.2022 · № 672-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1341-VII “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Билим…Постановление · 29.06.2023 · № 1341-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 1316-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим…Постановление · 22.06.2023 · № 1316-VII
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон