115-берене. Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жалпы шарттары
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Министрлер Кабинети, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жол-жобосун төмөнкү учурларда демилгелейт:
1) Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык туруктуулугуна коркунуч туудурган кырдаалдарды чектеттүү зарыл болгондо;
2) бюджеттин бекитилген параметрлеринин деңгээлине таасир көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган кошумча ресурстарды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынганда, бюджеттик жыл ичинде кошумча чыгашаларды бөлүүдө же үнөмдөөдө, Социалдык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бөлүнгөн максаттуу трансферттердин, ассигнованиелердин, республикалык бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик ссудалардын көлөмдөрү өзгөргөндө;
4) ушул Кодекстин 15 жана 107-беренелеринде каралган.
2. Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин аткарылышын талдоонун натыйжаларынын жана бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануунун майнаптуулугун баалоонун, бюджеттик программаларды ишке ашыруунун негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Министрлер Кабинети (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары) тарабынан бекитилет жана Жогорку Кеңештин (жергиликтүү кеңештердин) кароосуна киргизилет.
4. Өзгөчө мамлекеттик бюджетти кошпогондо, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна Министрлер Кабинети, айылдык жана шаардык кеңештерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан жана 1-ноябрынан кечиктирилбестен киргизилет. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөр зарыл болгондо бюджеттик мыйзамдардын маселелери анын карамагына кирген Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык киргизилет жана аткарылат. Жогорку Кенештин сессияларынын ортосундагы мезгилде жана депутаттардын шайлоочулар менен иштеген мезгилде Министрлер Кабинети зарыл болгондо республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин республикалык бюджеттин негизги параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана бюджеттик мыйзамдардын маселелер карамагына кирген тийиштүү Жогорку Кеңештин тармактык комитетине маалымат берүү менен аларды аткарат. Тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттер жөнүндө ченемдик укуктук актыларында бекитилген жергиликтүү бюджеттердин параметрлерин өзгөртүү зарыл болгондо жергиликтүү кеңештердин бюджеттик комиссиялары менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүктүү) органы тарабынан ал мыйзам чыгаруучу (өкүлчүлүктүү) органга киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде кезексиз тартипте каралат.
5. Бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тиешелүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө жана бекитүүгө карата ушул Кодексте белгиленген принциптер жана талаптар сакталат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
115-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (194)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 328 "Баткен облусунун маданият жана спорт объекттерин каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык…Постановление · 24.06.2022 · № 328
- Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу тартиби боюнча методикалык…Методические указания · 04.08.2023 · № 385
- КР Өкмөтүнун 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 151-б (Акча каражатрады бөлүп берүү жөнундө) буйругуРаспоряжение · 28.04.2018 · № 151-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 83-т (Ысык-Көлдүн акваториясынын жээктеги суу алдындагы бөлүгүнө суучулдук изилдөө жүргүзүү, суу…Распоряжение · 03.03.2023 · № 83-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо…Положение · 07.09.2021 · № 164
- Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү тартиби (Кыргыз…Порядок · 29.12.2025 · № 845
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 9-августундагы N 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 09.08.2021 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык…Постановление · 11.03.2022 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-апрели № 120-т "Финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча иш-чараларга дем берүү жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 16.03.2022 · № 120-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 14.08.2023 · № 415
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 185-б (Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.06.2019 · № 185-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз…Распоряжение · 25.06.2018 · № 222-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 181-р (Кыргыз Рсспубликасынын азык-түлук коопсуздугун камсыз кылуу максатыпда. ошондой эле республиканын айыл чарба товар…Распоряжение · 08.04.2022 · № 181-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 508-т ("Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо - 2" долбоорун бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 28.08.2023 · № 508-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 110-б (Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 29.04.2019 · № 110-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 313-б (Акча каражат бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 22.08.2019 · № 313-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 364-б (Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.09.2019 · № 364-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-октябрындагы № 390-б (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясынын ишин…Распоряжение · 16.10.2019 · № 390-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 416-б (Региондук социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган региондук демилгелер боюнча…Распоряжение · 31.10.2019 · № 416-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 224-б (Кошумча финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.06.2018 · № 224-р
194 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>